Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:17

Израилдин өкмөт башчысы Ариэль Шарон эл аралык тынчтык планды кабинеттин кароосуна койот


ИЕРУСАЛИМ. Кабинет "Жол картасы" деп аталган планды жекшемби күнү талкууламакчы. Планды негизинен колдогону менен Шарон жөөттөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ага айрым оңдоолорду киргизүү зарыл деп эсептейт. Бирок палестиндер өзгөртүүлөрдүн киргизилишине караманча каршы. АКШнын президенти Жордж Буш жакында Израилдин жана палестин автономиясынын өкмөт башчылары менен жолугушу мүмкүн экенин билдирди. Дипломаттар Буш, Шарон жана Аббас катышкан саммит Мисирдин Шарм-эл-Шейх курорттук шаарында 4-июнда өтө тургандыгын айтышат.

XS
SM
MD
LG