Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:54

БИШКЕКТЕ АСАНКАН ЖУМАКМАТОВДУН 80 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК МУЗЫКАЛЫК ФЕСТИВАЛЬ БАШТАЛДЫ


БИШКЕК. Бүгүн Бишкек шаарындагы Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында Кыргызстандын эл артисти, кыргыз эл баатыры Асанкан Жумакматовдун 80 жылдыгына арналган эл аралык музыкалык фестиваль башталды. Ушул эле күнү театрда салтанаттуу жыйын өтүп, ага президенттик администрациянын, өкмөт аппаратынын, Билим берүү жана маданият министрлигинин жооптуу кызматкерлери, өлкөнүн маданият тармагындагы белгилүү ишмерлер катышты. Ал эми Асанкан Жумакматовдун 80 жылдыгына арналган эл аралык фестиваль 30-майга чейин улантылат. Карамолдо Орозов, Токтогул Сатылганов өңдүү залкарлардын күүлөрүн алгачкылардан болуп симфонияга салган Асанкан Жумакматов кыргыздын профессионалдык музыкасынын алгачкы дирижерлорунан болуп саналат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG