Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:26

ЫСЫККӨЛДӨ 9 ӨЛКӨНҮН БЕЙӨКМӨТ УЮМДАРЫ КИРГЕН АССОЦИАЦИЯНЫН ИШИ АЯКТАДЫ


БИШКЕК. Бүгүн Ысыккөлдө Түркиянын, Европа, Борбордук Азия жана КМШ өлкөлөрүнүн Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар ассамблеясынын эки күндүк жыйыны аяктады. Жыйында жакырчылыкты кыскартуу стратегиясынын алкагында СПИД, кургак учук ооруларына каршы күрөш, гендердик теңчилик, айлана-чөйрөнү коргоо сыяктуу багыттар боюнча иш-аракеттерди жүргүзүүдөгү коммерциялык эмес уюмдардын орду жана мүмкүнчүлүктөрү, эл аралык уюмдардын жакырчылыкты азайтууга багытталган долбоорлорунун аткарылышына байланыштуу маселелер талкууланды. Грузиянын, Орусиянын, Латвиянын, Литванын, Румыниянын, Түркиянын, Беларустун жана Кыргызстандын өкүлдөрү кирген Бейөкмөт уюмдар ассамблеясынын жумушчу тобунун башында Кыргызстандын Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар ассоциациясы турат. Жолугушуунун жыйынтыктары тууралуу ушул Ассоциациянын жетекчиси Токтайым Үмөталиева Ысыккөлдөн кабарлады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG