Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:38

ЧОЛПОНАТАДА МААЛЫМАТ ӨНӨКТӨШТҮГҮ БОЮНЧА КОНФЕРЕНЦИЯ СОҢУНА ЧЫКТЫ


БИШКЕК. Бүгүн Чолпоната шаарында президенттин басма сөз кызматы уюштурган «Маалымат өнөктөштүгү» аттуу эки күндүк конференция өз ишин аяктады. Ага Кыргызстандын түрдүү көз караштагы массалык маалымат каражаттарынын, эл аралык маалымат каражаттарынын жана мамлекеттик басма сөз кызматтарынын өкүлдөрү катышты. Жыйында премьер-министр Николай Танаев Кыргызстанда сөз эркиндиги болгондугу менен, айрым басылмалар өз ишине жоопкерчилик менен мамиле жасабай, калкка такталбаган маалыматтарды берип жаткандыгына токтолду. Мисал катары премьер-министр «Вечерний Бишкек» гезитиндеги «Кыргызгаз» акционердик коомуна байланыштуу макалалар «бирөөлөрдүн буйругу менен жазылып жаткансыйт» деген пикирин айтты. Президенттик администрация башчысынын орун басары Темирбек Акматалиев бардык журналисттерди Кыргызстандын кадыр-баркын көтөрүү жаатында биргелешип иштөөгө чакырды. «Азаттык» радиосунун кыргыз бөлүмүнүн директору Тынчтыкбек Чоротегин бийликтин көз карандысыз массалык маалымат каражаттары менен өнөктөш болуу аракетин колдоого алаарын маалымдады. Конференциянын жыйынтыгында «Ысыккөл медиа декларациясы» кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG