Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:47

ТАҢШЫ, ГҮЛНУР!


http://gdb.rferl.org/BA84E2DC-F686-4F46-BF69-FD2DC2C8DB93_w203.jpg --> http://gdb.rferl.org/BA84E2DC-F686-4F46-BF69-FD2DC2C8DB93_mw800_mh600.jpg Мукамдуу үнү, жадыраган жүзү, ырдаган ырларынын обондуулугу, аваздык боекторунун көп түстүүлүгү менен 15 жылдан бери кыргыз сахнасынын төрүнөн түшпөй, угармандардын жарпын жазып келе жаткан республиканын эмгек сиңирген артисти, жаштар сыйлыгынын ээси, таанымал эстрада ырчысы Гүлнур Сатылганованын бейнесине сүртүмдөр.

Болочоктогу шайыр 1967-жылы абалтан ыр менен күүнүн ордосуна айланган Токтогул районунун Токтогул шаарчасында туулат. Жарык дүйнөгө келгенден атасынын черткен күүлөрүнө, энесинин ырдаган ырларына суктанып, «жакшы тилек жарым ырыс» дегендей, «келечекте атамдай комуз чертсем, энемдей ырдасам, тоо булбулу аталган Токтогул чоң атамдай торгой болсом» деген балалыктын таттуу кыялында термелет. Ал мезгилди Сатылганова Гүлнур айым мындайча эскерет:

- Кудай-Таалам талантты берип койсо, бала кезиңден эле ырга, күүгө умтулуп, жан дүйнөңө тынчтык бербейт экен. Атам комузда укмуштуудай күүлөрдү колун ойнотуп, уккандардын сезимин ойготуп чертчү. Апам мукамдуу үнү менен безелене ырдачу. Бирок, алар профессионал артисттер эмес эле. Алардын да шык учкундары да жукса керек деп ойлойм. Бала кезден ырга, музыкага өтө шыктуу өстүм. Мектепте окуп жүргөндө эле ырдап, ар кандай ийримдерге, конкурстарга катышып жүрдүм. Өзүмдүн алдыма «мен сөзсүз ырчы болушум керек» деген максат койдум. Ал кезде өзүмдүн да туу катары туткан ырчыларым бар эле. Элибизде «жаштын тилегин берет» деген кеп бар эмеспи. Ойлогон оюмду, тилеген тилегимди ишке ашырыш үчүн ырчылыктын артынан сая түштүм. «Чоң сахнага чыгып ырдасам, атактуу ырчылардай болсом» деп самадым, Кудайдан тиледим. Ошол кезде орустардын дүйнөлүк ысымдагы саналуу гана ырчылары бар эле. Алсак, Пугачева, Леонтьев, Ротару. Алардын ырдагандарын угуп, «ушулардай болсом» деп көксөдүм. Бирок, кыялга батып отуруп албастан, күн-түн дебей эмгектендим, издендим. Акыры аракет кылсаң берекетин көрөт экенсиң, ырдап калдым.

Гүлнур айым өзү айткандай мектеп босогосун аттап, тамга тааныгандан орустун залкар эстрада ырчысы Алла Пугачевадай ырчы болсом дегенде ак эткенден так этет. Басса-турса Алла айымдын аткарган ырларына таалимденип, чеберчилигине суктана баштайт. Бирок, ал эне сүтү менен жан-дүйнөсүнө сиңген кыргыздын элдик жана көрүнүктүү композиторлордун, обончулардын ырларын оозунан түшүрбөй ырдайт. Ошентип, жаш шайыр алгачкы ийгилигин кыргыздын элдик ырларын аткаруудан издейт. Гүлнурдун ырга болгон куштарлануусу айлап, жылдап эмес, күн санап артат. Ал мектептеги өздүк-көркөм чыгармачылык ийримине эле жандуу катышпастан, акеси Аманкелдини баш кылып, сиңдиси Венера менен иниси Кайыпбердини төш кыла аваздык квартетти уюштурат. Төртөө төрт үндө кыргыз ырларын ырдашат.

Жаш шайырдын калың угармандардын алдындагы чыгармачылык тушоосу Токтогулдагы Жакып Исаков жетектеген «Миң кыял» аттуу ансамблде кесилет. 17 жашар Гүлнур бул топ менен Кыргызстандын бардык айылдарында гастролдо болот. Жаш болсо да калкка кандай маңыздагы, кандай обондордогу, маанайдагы ырлар керектигине түшүнөт. Артисттик турмушту көрөт. Аз болсо да ырчылык тажрыйбага ээ болот.

1987-жылы Кыргыз мамлекеттик Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун хор дирижерлоо факультетине кирет. Педагог Надежда Кахлованын классында окуйт. Белгилүү обончу-ырчылар К.Эралиева, А.Бөдөшов менен таанышат. Алар менен биргелешип ар кандай концерттерге катышат. Ырдоонун, сахнанын түпкүрүндөгү сырларын билет. Өздүк репертуарын байытат. Күн өткөн сайын чыгармачылык, аткаруучулук жактан жетилгенден жетиле берет. 1991-жылы институтту ийгиликтүү бүтүрөт. Эл артисти, маркум Арсен Өмүралиевдин чакыруусу менен Бишкек шаардык жаштар театрында актер-ырчылык кызматка кабыл алынат. Гүлнурдун сахнаны беш колундай билген айтылуу актер менен иштеши анын чыгармачылыгынын, актерлук жаркын шыгынын жаңы баракчасын ачат. Ал театрда алты жыл эмгектенет. Жаш жамаатта алгачкы жолу коюлган жапон жазуучусу жана драматургу Киноситанын «Каркыранын канаты» аттуу оюнунан Цзунун ролун жаштыгына, актердук тажрыйбасынын аздыгына карабай, көрүүчүлөрдүн көңүлдөрүн жандыра ойнойт. Ал эми ырчылык чеберчилигин театрдын алдындагы «Саамал» аттуу фольклордук топто такшалтат. Ал элдик, лирикалык ырларды аткаруу менен композиторлордун Атамекен, эл, жер жөнүндөгү патриоттук ырларынын да ажарын ача, маңыздарын байыта ырдайт.

1996-жылдан бери Г. Сатылганова - Кыргыз улуттук консерваториясында алгач мугалим, азыркы тапта эстрада студиясынын ырчысы. Ал өзү теңдүү кесиптештеринен аткаруучулук чеберчилиги, үнү, аваздык боёкторду ала билүү, репертуарларды тандоо, авторлор менен иштешүү жагынан кескин айрымаланат. Айрыкча ал өзү жашаган доор, мезгил менен үндөшкөн, тең адымдаган, угуучулардын талабына жооп берген, төрт тарабы төп келген чыгармаларды аткарууну бирден-бир максат кылган чыныгы профессионал эстрада ырчысы.
1993-жылдан баштап жаш ырчынын чыгармачылык жолу эл аралык фестивалдарда, конкурстарда жүрө баштайт.

Г. Сатылганова кыргыз жергесинде, чет өлкөлөрдө өткөн эл аралык фестивалдарда, сынактарда элинин атынан бейтааныш залкар эстрада ырчылары менен ат салышып, улутташтарынын намысын коргоп келет.

Акыркы 4-5 жыл аралыгында жаш ырчы Кыргызстанда, Белоруссияда, Казакстанда, Өзбекстанда, Түркияда, Кытайда өткөн «Ысыккөл-98», «Азия даусы», «Славян базары», «Чабыт» жана башка чоң эл аралык фестивалдарга катышты. Алардын ичинен ырчынын өмүр бою көңүлүнөн чыкпай, көкүрөгүнөн өчпөй турган эң бир бактылуусу, эң бир кубанычтуусу - эки эл аралык фестивал болду.

1998-жыл. Чар тарабы чалкыган июль айынын башы. Көрүнүшү, көркөмү менен көргөндөрдү суктандырган кереметтүү Ысыккөлгө жакалай жайгашкан Чолпонатада эстрада ырчыларынын эл аралык фестивалы өтүп жатты. Коңшулаш жана алыскы чет өлкөлөрдөн келишкен эстрада чеберлери биринен сала бири чыгып, өнөрлөрүн тартуулап жатышты. Кезек кыргызстандык Гүлнурга келди. Ал композитор Муратбек Бегалиевдин, алп жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сөзүнө жазган, кусаланган обондогу, муңайыңкы маанайдагы, ыргактарынан көлдүн толкундары шыбырашкан «Ысыккөлдү сагынуу» аттуу эстөө ырын созолонтту. Гүлнур обондун ар бир ыргагы, ырдын ар бир сөзү менен толгоно көлгө болгон сүйүүсүн, ашынган кусасын төгүлүп-чачылып, бүтүндөй жан-дүйнөсү менен келиштире образдуу ырдайт. Ыр да анын мукамдуу үнүнө куюп койгондой куп жарашып, сахнага кут түшүрөт. Ал фестивалдын эң башкы байгеси – жеңил автомашинаны утуп алат. Кубанычтын кучагына батат. Баштагыдан да талыкпай эмгектенүүгө, мурдагыдан дагы мыкты ырдоого шыктанат.

2001-жыл. Ноябрь айы. Гүлнур айым Казакстандын Астанасында төртүнчү жолу өтүп жаткан опера, балет, эстрада жана башка көп жанрлуу эл аралык «Чабыт» аттуу фестивалга катышат. 16 мамлекеттин (Улуу Британиянын, Италиянын, Германиянын, Өзбекстандын, Тажикстандын ж.б.) менменсиген музыканттары ат салышкан фестивалдын үч турунда тең Сатылганова камчы салдырбайт. Ал фестивалдын талабы боюнча үч ыр аткарат. Тубаса тунук үндүү ырчы баарын табына чыгара ырдайт. Бирок, алардын ичинен айрыкча Гүлнур композитор М. Бегалиевдин колдон качкан куштай кайрылбай кеткен махабатты эске салган ойлуу, муңайынкы маанайдагы «Кызгалдак гүлүм ай!» аттуу ырын бүгүнкү талап менен салынган эң бир кооз «Конгресс хол» деген залында ийине жеткире аткаргандыгы үчүн фестивалдын баш байгеси - 150 миң теңгени, алтындын буусу менен жалатылган кубокту жеңип алат. Бул сыйлык - жеке гана Гүлнур айымдыкы эмес, ал музыкалык коомчулук тарабынан бүтүндөй кыргыз эстрадасынын ийгилиги катары бааланат.

- Гүлнур айым, эл аралык фестивалдарга демөөрчүлөрдүн колдоосу менен барасызбы же өзүңүздүн каражатыңыз мененби?

- Ар бир конкурска негизинен өзүмдүн каражатым менен барам. Ырас, алысты жакындан көрө билген адамдар бар экен. Алардын колдоосу менен эки жолу «Азия даусына» катыштым. Фестивалдын дипломанттарынан болуп кайттым. Бир жолу улуу акын Абайдын 150 жылдыгына арналган «Азия даусына» мейман катары катыштым. Ар бир өлкөгө барганыңда жеңиш үчүн эмес, Кыргызстандын арнамысын коргоп барасың. Жеңишке жетсең элибиздин туусу көтөрүлөт. Кубанычтын кучагына батасың. Ошондо «аз да болсо элим үчүн кызмат кылып жаткан турбаймынбы» деп, сүйүнгөнүңдөн өзүңдү коёрго жер таппайсың. Ал эми республиканын Элге билим берүү жана маданият министрлигинин жетекчилери колдоо көрсөтүп, каражат бермек түгүл «Сыйлыгың кут болсун» деп куттуктап коюшканга да жарашпайт. Аларга таң калам.

Белгилүү ырчынын өздүк репертуарына көз чаптырсак, ар кандай мазмундагы, түркүн түстүү ыргактардагы, ар кыл обондордогу ырларга күбө болобуз. Алсак, элдик күйгөндөр менен секетбайлардын, өткөн кылымдагы жана азыркы обончулардын, композиторлордун классикалык ырларынын кооз үлгүлөрүн ырчы мезгилдин агымы, угармандардын бүгүнкү талабы менен, аваздык жаңы созмолордо, боёктордо, көркөмдүктө, тереңдикте, жаңы аспаптык коштоодо аткарат. Ошондуктан Сатылганованын аткаруусундагы ырлар ар бир угуучунун жан шеригине айланып келет.
XS
SM
MD
LG