Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:08

АКЫН ЭГЕМБЕРДИ ЭРМАТОВ: «МЕН ДИНГЕ ИЧКИ МУКТАЖДЫК МЕНЕН КЕЛДИМ»


Кожогелди Култегин, Ош Көрүнүктүү акын жана драматург, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Эгемберди Эрматов чоң борборду таштап, өз айылына кетти. Ал тургай биротоло быйыл мусулманчылык жолуна түшүп, ажы болду. Буга эмнелер түрткү болду экен?

- Эгемберди мырза, сиздей жалындаган акын үчүн чоң борбор Бишкекти таштап, кичинекей айылга, туулган жерге көчүп кетиш оңойго турбаса керек. Мунун негизги себеби кайсылар?

- Негизи карап көрсөк, жашыбыз бир топко чыгып калган экен. Биринчиден, бала-чакам чоңоё баштады. Аларды үйлүү-жайлуу кылыш керек. Экинчиден, шаарда жүрүп чоң чыгарма жазууга аракет кылып, кол тийбей жүрдү эле. Туулган жерге келип, жерге жакын, сууга жакын, топуракка жакын жерде жүрүп, бир чоң чыгарма жазайын деп ниет кылдым эле. Ошол чыгарманы жазып бүттүм. Үчүнчүдөн, мен айылга дайым конок болуп келип, конок болуп кетчү элем. Бул жерде өзүмдүн үйүм жок эле. Келдим да бул жерге турак-жай салып, ушул жерде жашап калдым.

- Кызылкыядан 20 чакырым аралыкта турбайбы, үйүңүз. Ал эми албууттанган акын шарыят жолуна качантан баштап түштү экен?

- Намазды 48 жашымдан баштап окудум. Ага чейин кээде бир маал окуп жүрчүмүн. 48 жашымдан тартып 5 маал намаз окууга өттүм. Мен институтта өзүмдүм кабинетим бар, убакыт таап ар дайым 5 маал намазымды окуп жүрөм. Ал эми 52 жашымда Мекеге барып өзүмдүн ажылык милдетимди өтөп келдим.

- Ажы аке, бул суроом үчүн алдын-ала үзүр сурайм. Кечээги эле 80-90-жылдары жалындап кечелерде, көчөлөрдө ыр окуган, «беркиден» кылт эттирип кызымтал жүргөн, сулууларга суктанып көз арткан күндөрүңүзгө азыр өкүнбөйсүзбү?

- Бишкекте жүрдүк, эркин, барган чогулуушуларда ыр окуп, этек-жеңиң далбактап, чачтарың өсүп дирилдеп… ал жаштык кездин доору ошол экен. Жаш кезде ошондой эркин жүрүп, көп нерсени үйрөнүш керек экен. Бирок, күн өткөн сайын, жашыбыз жеткен сайын биз дагы бир нерсе жөнүндө ойлонушубуз керек экен. Биз рухий дүйнөнү, жандын эркиндигин, жандын тынчтыгын ойлошубуз керек экен. Мен динге бир жолу кирип, биротоло динчил, фанатик болуп кеткеним жок. Мен ошол динге кандайдыр-бир аң-сезимдүүлүк менен, ички муктаждык менен келдим. Ошол муктаждыктар акыры жүрүп мени кийинки кезде Мухаммед Алейсалам жөнүндө чоң бир дастан жазууга түрткү берди. Ал дастаным 27 басма табак болуп, басмадан чыгып, окурмандардын колуна тийди. Ушундан кийин өзүмдүн мусулманчылык парзымды аткарайын деген ниет келди.

- Биротоло мусулман-момун болгондо, акындык эргүү кемип же жоголо түшпөдүбү? Баары бир шариятта чектөөлөр бар эмеспи?

- Жоготпойсуң. Сен башка бир жаңы дүйнөгө, көптөгөн жаңы баалуулуктарга эгедер болосуң. Бала тарбиялайсың, небере, окуучуларды тарбиялайсың. Ошондо айта турган сөзүң өтүмдүү болуш үчүн өзүң биринчи иретте ошол сөздү аткарышың керек экен. Ошондо, биздин айткан сөзүбүз менен кылган ишибиз бири-бирине төп келген учурда гана биз адам болуп жүрөт экенбиз.

- Ислам дини билимдүүлөрдү айрыкча жактыраары белгилүү. Сиз 1979-жылы эле Горький атындагы Бүткүл союздук адабият институтун бүтүрүп келгенсиз. Быйыл ажыга барганда билимдүү адам катары эмнелерди байкадыңыз?

- Мусулмандар көбүнчө 60, 70, 80 жаштан өткөндө биздин Орто Азиядан барат экен дагы, өздөрүнүн милдеттерин, парздарын аткара албай кыйналып калат экен. Колдон келсе ажыга жаш кезде, күч-кубатың, мал-пулуң бар кезде, бардык нерсе колуңдан келип турган кезде барып келсең, эртерээк ыйманга кирип, тазаланып, Алла-Талаага жакын болот экенсиң.

- Азыр сизде баары бир чыгармачылык өзгөрүүлөр болсо керек?

- Чыгармачылыкта өзгөрүүлөр ушул - негизинен рухий адабиятка, рухий тематикага көбүрөөк ооп кеттим.

Бир нерсеге жетип туруп жетпейсиң,
Чектен өттүм деген менен өтпөйсүң.
Багындырам дегениңде багынып,
Өчтүм деген маалыңда өчпөйсүң.

Түбөлүктүн түйүлдүгү - ирмемде,
Жоголбойсуң денең көргө киргенде.
Рух дүнүйөң бийиктикке жол алат.
Бирөө сени кылам десе шерменде.


- Сиз азыр Кызылкыя гуманитардык институтунун доценти болуптурсуз. Ал тургай окуу китебин да жазыпсыз.

- Мен жогорку окуу жайына келип иштегениме быйыл экинчи жыл кетип жатат. Мен мурда жогорку окуу жайы менен келип иштешкен эмес элем. Келип ушул жерде сабак бөлүнгөндө, «Чыгыш эл адабияты» деген сабак тийип калды. Бул сабакты карасам эч жерден программасы табылбады. Эмнени окута турганын билишпейт экен. Анан мен ошону алдым. Менин китепканамда бүтүндөй дүйнөлүк адабият бар эле. Ошол Чыгыш эл адабиятынын программасын түздүм. Сабактын хрестоматиясын түзүүнү максат кылып койдум. Жакында кол жазмасын бүтүрдүм. Аяк-биягы болуп, 200 беттей китеп болду. Бул Кудай буюруп чыгып калса, бүтүндөй Кыргызстандын университеттеринде окуй турган колдонмо курал болот го деп ойлойм.

- Сиз баарынан мурда акынсыз. Андыктан соңку чыгармаларыңыз тууралуу эки ооз сөз уккубуз келет.

- Ыр түрмөгүм бар эле. Ошону бүтүрүү алдында турам, ал азыр 100 ыр болуп калды. Бул альтерияго деп аталат. Альтерияго дегени - «мендеги мен», орусча айтканда «второе я». Ушуну чыгарсам, мен көптөн бери эңсеп жүргөн оюмду айтып берем го деген үмүттөмүн.
XS
SM
MD
LG