Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:49

ТАЖИКСТАНДЫК КЫРГЫЗ КЫЗДАРЫНЫН КЕЛЕЧЕГИ


Мирзохалим Каримов, Бишкек Тажикстанда жашаган 70 миңге жакын этникалык кыргыздардын кыздарынын келечегине, таланттууларына, шыктууларына кам көрүү - маанилүү маселелердин бири. Буга, албетте, алар жашап жаткан Тажикстан да, тарыхый мекени болуп саналган Кыргызстан да камкордук кылышы керек. Ансыз улутташ кыздардын арасынан өсүп чыккан далай таланттардын жалыны жалп этип өчүп калышы мүмкүн. Бул туурасында пикир алышканы Тажикстандын Жергетал районунда жашаган кыргыздардын арасынан өсүп чыккан илимпоз, филология илимдеринин кандидаты Гүлбара Орозованы сөзгө тарттык.

- Гүлбара айым, коммунисттик идеология күч алып, «аял менен эркек тең укуктуу, алар өз бактысын, өз тагдырын өзүлөрү чечет» деген кезде да, Тажикстандын элет жерлеринде эскинин саркындылары өкүм сүргөнүн али да унута элек болсоңуз керек. Ошол маалда бири-бирин жактырган же жөн эле таанышкылары келген кыз менен бала көчөдө ээн-эркин жанашып жүрө алышчу эмес. Бул уят катары эсептелчү. Мындай көрүнүштү кыргыздар жыш отурукташкан Жергетал районунан да кезиктирсе болор эле. Ал түгүл кыздары орто мектепти бүтөөрү менен аларды турмушка узатууга шашылышчу. Натыйжада аялдар коомдук иштерге катышпай, билимин улай албай кала беришкен. Абал ушундай болуп турганда, сиз ошондой кыйын шарттан кантип суурулуп чыктыңыз?

- Ал мезгилден бери 30 жыл өттү. 1974-жылы орто мектепти бүткөмүн. Ал кезде бир дагы ата-эне, айрыкча кыз балдарды өз ыктыяры менен жогорку окуу жайына жиберчү эмес. Мектеп мугалимдери ал ата-энелер менен сүйлөшүп, «кызыңарды окууга жибергиле» дешип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшчү. Буга макул болгондордун гана кыздары чогултулуп, бир мугалимдин катышуусунда Кыргызстанга жөнөтүлчү. Биздин Жергетал районундагы кыздар кыргыз тилинде окуганы үчүн Дүйшөмбүдөгү жогорку окуу жайларында окуй алышчу эмес. Анткени тил маселеси чоң проблема болгон, жогорку окуу жайларында окуу тажик же орус тилинде жүргүзүлгөн. Анын үстүнө биздин райондо сабактар кыргыз тилинде гана окутулганы да буга себеп болгон. Эркек балдар Кыргызстанга келип окушчу, бирок кыздар жогорку окуу жайына барып окушчу эмес. Ошо мезгилде эле Кыргызстан менен Тажикстандын макулдашуусу менен биздин кыргыздар үчүн Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан атайын орундар берилип турчу. Бул салт азыр деле улантылып келе жатат. Мындан отуз жыл илгери бөлүнгөн ошондой орундарга биз дагы сегиз кыз өзүбүздүн мугалимдердин жардамы менен Кыргызстанга окуш үчүн келгенбиз. Бул жерге келгенден кийин бизди «баарыңар чогуу окугула» дешип, кыз-келиндер институтуна жайгаштырышкан. Ошолордун арасынан бир гана мен бүтүрүп чыктым. Калгандарынын айрымдарын ата-энелери кайра жибербей коюшту, айрымдары дагы башка себептер менен окууну уланта алышкан жок.

- Туулуп-өскөн жериңиз Жергеталдагы кыздардын, өзүңүздүн артыңыздан өсүп келаткан жаштардын келечеги тууралуу сизди ойлондурган кандай маселелер бар?

- Албетте, мен сыяктуу бир топ кыздар окуп билим алгандан кийин элдин түшүнүгү кыйла өзгөрдү. Коом алга жылган сайын эски түшүнүктөр аста-секин жээкке сүрүлүп дегендей, кыздардын арасынан өз ыктыяры менен жогорку окуу жайларына барып окугандары болду. Бир топ кыздарыбыз Бишкекке келип окуп жүрүштү. Тилекке каршы, ошо мезгилде Тажикстанда каргашалуу окуя башталып, алардын жолуна кыйла тоскоол болду десек да болот. Тагыраак айтканда, биздин студенттер ата-энелеринин экономикалык жана социалдык абалынын начарлашына байланыштуу жогорку окуу жайларын таштап кетүүгө аргасыз болушту. Бул үчүн кимдир-бирөөлөргө күнөө коюу мүмкүн эмес. Анткени, биздин студент кыздарыбыз ошол мезгилде өзүлөрү кыйынчылыкка жеңдирип коюшту. Экономикалык кыйынчылык Союз жоюлгандан кийин Тажикстанда эле эмес, Кыргызстандын өзүндө деле тереңдеп кетти. Мында деле жашоо-турмуш жеңил боло койгон жок. Демек, биздин студент кыздар жана балдар буга көбүнчө өзүлөрү күнөөлүү. Алар кыйынчылыкка баш ийүүнүн ордуна аны жеңип, келечектин жакшы жолдорун издеши керек эле деп ойлойм. Андан кийин саясий окуя башталып, ата-энелер кыздарын такыр жөнөтпөй коюшту. Акыркы он жылдын аралыгында Жергеталдан бул жакка келип жогорку окуу жайында билим алган бир дагы кызды көрө элекмин. Бул абдан өкүнүчтүү көрүнүш, албетте. 90-жылдарда келип окуган кыздарыбызга жеке мен өзүм жана башка жердештер ар тараптан камкордук кылдык. Тийиштүү мекемелерге кат жазып, аларга материалдык жактан көп жардам алып бергенбиз, «ушулар окууну таштабай бүтүп алышсын, алар биздин элге керек кадрлар» деген үмүттө. А бүгүн болсо, окуп жаткан бир да кыз жок. Албетте, бул жакка качкын болуп келген жергеталдык кыздардын арасынан анда-санда болсо да окуп жатканы бар. Бирок алар эми Тажикстандын эмес, Кыргызстандын жараны болуп калышты. Алардын ата-энелери жанында, шарттары жакшы. Жергеталдын өзүнөн келип окуган кыздардын жок болуп жатканы бизди аябай өкүндүрөт. Биздин райондун жетекчилеринен сурана турган олуттуу өтүнүч бар. Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан бөлүнгөн орундарга жалаң гана эркек балдарды эмес, жок дегенде эки жылда бир ирет беш кызды жөнөтүп турушса жакшы болоор эле. Жергеталдын жетекчилери бул маселеге көңүл бурушса, бул кыздарыбыздын келечеги, алардын сабатынын жогорулашы үчүн жасалган камкордук болоорун эске тутушса. Эркек балдардын го мүмкүнчүлүктөрү бар буга. Ал эми биздин кыздарыбызда андай мүмкүнчүлүктөр азыраак. Ошентсе да, азыр заман кыйла өзгөрдү. Тажикстанда тынчтык, Жергеталда стабилдүүлүк орноду. Эми кыздарыбыздын билимин жогорулатууга, коомдук иштерге катышуусуна шарт түзүүгө кезек келди деп эсептейм. Азыркы учур - бизди мындан отуз жыл илгери Кыргызстанга окууга жиберген мезгил эмес. Жашоо-турмуш мурдагыдан кыйла оңолуп баратат. Биздин кыздар эми илгеркидей эле топ-топ болуп келип, атайын бөлүнгөн орундарда тырышып окуса болот. Ал үчүн бул жерде деле жакшы камкордук кылынаарына ишенич бар. Бул жакка келип окуйм деген кыздарыбыз эми жалаң гана аракет кылышы керек.

XS
SM
MD
LG