Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:11

АЧКАЧЫЛЫГЫН ТОКТОТКОН АКСЫЛЫКТАР, САТЫКТАН АЛЫНГАН ГЕЗИТ, КИРЕШЕ ТАПКАН ӨКМӨТ


Жыргалбек Касаболотов, Бишкек “Моя столица – новости” гезитинин соңку саны сатыктан алынып, окурмандарга жетпей жатса, «Вечерний Бишкек» гезити айрым мамлекеттик мекемелерге каршы сын макалаларын эмне себептен күчөткөнү маалым болуп отурат. Аксылык аялдар башкалаада ачкачылык акциясын убактылуу токтотушту. Жалалабаддагы милиция органдарына кол салуунун себептери иликтенип, мындай окуяга жол бергендиги үчүн биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов баштаган бир катар жетекчилер сөгүш алып, айрымдары кызматтан бошотулду. Өкмөт болсо күйүүчү майга акциз салыгын төмөндөтүүдөн бюджетке киреше таап, жакырчылыкты азайтуу боюнча аракет көрүүдө.

Аксы районунан келип, 17-майдан бери Бишкекте ачкачылык жарыялап отурушкан аялдар бул аптада нааразылык акциясын убактылуу токтотушту. Алардын айтымында, президент А. Акаев Аксыдагы «Энелер кыймылынын» талаптарын аткарбаса, Үчүнчү элдик курултайдан кийин нааразылык акциялары кайрадан улантылат. «Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа» кыймылы болсо Үчүнчү элдик курултайды июль айында өткөрөөрүн мурда жарыялаган.

Анткен менен бийлик дале болсо ички саясий маселелерди чечүүдө административдик ыкмаларга көбүрөөк таянып жаткандай таасир калтырат. Мисалы, «Моя столица - новости» гезитинин акыркы саны Бишкектин Ленин райондук соту тарабынан сатыктан алынганы ушундай тыянакка негиз берет. Гезиттин жаңы эле басылган 15 миң нускасын Ленин райондук сотунун сот аткаруучусу Б. Саламатов алып кеткен. Анын негиздемесине караганда, Алексей Елисеевдин пайдасына сот тарабынан өндүрүлгөн 5000 сом өлчөмүндөгү айыппулду «Моя столица» гезити төлөгөн эмес. Бирок баарынан кызыгы - «Арнамыс» партиясынын штаб башчысы Эмил Алиев айткандай, 15 миң нусканы алып коюу менен доогердин пайдасына киреше түшпөйт, болгону басылманын саны өз маанисин жоготот. Демек, соттун чечимин аткарууга караганда, гезиттеги материалдарды элге жеткирбей кармап калуу негизги максат болгон сыяктуу.

Ошол эле учурда «Вечерний Бишкек» гезитинде «Кыргызгаз» акционердик коомуна каршы сын материалдар, атап айтканда, «Кыргызстанга газдын келиши токтоду» деген маанидеги маалымат басылганы белгилүү. «Вечерний Бишкектин» мындай аракеттеринин себебин «Кыргызгаздын» директорунун орун басары Кубанычбек Жусупов өз бетинче түшүндүрдү.

- Февралда «Кыргызгаз» Канттагы цемент-шифер комбинатына газ берүүнү токтотуп койгон. Ал убакта анын 30 млн. сомдой карызы бар болчу. Ошондон тартып басма сөздө «Кыргызгазга» каршы антиреклама башталды, - деди Кубанычбек Жусупов.

Канттагы цемент-шифер комбинаты болсо кимге тиешелүү экенин саясатчылар жакшы билишет. Бирок «Кыргызгаздын» «Узтрансгазга» азыр тез арада төлөй турган карызы 360 миң долларга чыкканын да танып болбойт. Айтор бул маселеге накта экономикалык факторлор менен катар чоң саясат аралашканы ачыкка чыгып отурат.

Куралдуу топ милиция органдарына кол салып, курал-жарактарын тартып кеткен Жалалабад окуясынын жыйынтыктары чыга баштады. Жакынкы өкмөт жыйынында бул окуяга жол бергендиги үчүн биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмоновго, ички иштер министри Бакирдин Субанбековго жана анын эки орун басарына сөгүш жарыяланды. Ички иштер министрлигинин коллегиясында Жалалабад шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги кызматтан бошотулуп, облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Бактыбек Алымбековго жана анын орун басарларына эскертүү берилди. Андан төмөнкү даражадагы облустук эки милиция жетекчиси кызматтан алынды. Кызык жери - вице-премьер-министр Курманбек Осмоновго берилген бул сөгүш келечекте ага саясий пайда алып келиши да мүмкүн. Анткени ал мындай жазага «күч органдарына көз салган жетекчи» катары кириптер болуп отурат. Кийин да ушул ролун сактап калса, ал азыркыдан алда канча таасирдүү адам болуп чыга келиши ажеп эмес.

Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин ушул аптада айткан сөзүнө караганда, күйүүчү майга акциздик салыкты азайтуунун эсебинен бюджетке түшкөн салык көбөйдү. Анын пикири боюнча, бензинге жана дизелдик майга акциздик салыктын эки эсе азайтылышы туура кадам болуп, өлкөгө күйүүчү майды мыйзамдуу түрдө ташуу күчөдү. Өкмөттүн 20-марттагы токтому менен бир тонна бензинге карат акциз салыгынын көлөмү 3 миң сомдон 1,5 миң сомго, дизелдик майдыкы 800 сомдон 500 сомго чейин төмөндөтүлгөн. Натыйжада апрель айында салыктын көлөмү 69 млн. сомго чейин көтөрүлгөн. Акциз салыгы төмөндөтүлгөнгө чейин, март айында бул көрсөткүч 34 млн. сомду түзгөн. Мындан тышкары, жакында дары сатуучу фирмаларга да жеңилдик берип, өкмөт ушундай эле ыкма менен мурдагыдан алда канча көп киреше алууну көздөп жатат. Кыязы, салык саясатын жеңилдетүү ишкер чөйрөнүн демилгесин арттыра тургандыгын кыргыз өкмөтү кийин да болсо түшүнө баштаган өңдүү.

Бирок мындай чаралар качан өз жемишин берет, жакырчылыкты жыл сайын 5% азайтууга милдеттенген өкмөт өзү убада бергендей жылына 50 миң үй-бүлөгө жардам бере алабы-жокпу – азырынча белгисиз. Чындап келгенде бул оңой милдет эмес. Анткени өлкөдө 500 миң үй-бүлө, же калктын 44% жакырчылыктын төмөнкү чегинде жашайт.
XS
SM
MD
LG