Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:35

“ЭЛ АРАЛЫК МУНАПЫЗ” УЮМУНУН ЖАҢЫ ДОКЛАДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Лондон шаарында жайгашкан "Эл аралык мунапыз" уюму 19-май күнү көлөмдүү жаңы отчет жарыялады. Отчетто дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы акыркы мезгилде начарлап баратканы тууралуу айтылат жана ага өнүккөн өлкөлөр тарабынан сатылган курал да көмөк кошуп жатканы белгиленет.

Отчет жүз беттен турат жана анда дүйнө мамлекеттериндеги адам укуктарынын абалы гана эмес, өнүккөн өлкөлөр тарабынан өндүрүлгөн куралдын калган дүйнөгө сатылганы да талданат. "Эл аралык мунапыз" уюмунун айтымында, диктаторлук өлкөлөр такай өз элине каршы курал колдонот жана ал куралды өнүккөн мамлекеттерден сатып алат. Өнүккөн өлкөлөргө уюм нечен жолу кайрылып, курал экспортун катуу көзөмөлгө коюуну талап кылган жана өнүккөн мамлекеттер такай ага макул болот, бирок андай көзөмөл азырынча жетиштүү деңгээлге жете элек.

Мындан он жыл мурда Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөр - курал сатуунун принциптери тууралуу эл аралык келишимге кол койгон. Ал келишим боюнча, эгер кайсы бир өлкө адам укуктарын бузган аракеттерде курал колдонушу мүмкүн болсо, келишимге кол койгон мамлекеттер андай өлкөгө курал сатпаш керек. Бирок "Эл аралык мунапыздын" айтымында, бул келишим толук аткарылбай жатат.

1999-2001-жылдардын ичинде эл аралык базарда сатылган куралдын үчтөн экиси - дүйнөдө эң өнүккөн жети мамлекет менен Орусияга туура келет. Дүйнөлүк куралдын 28 пайызы, мисал үчүн, Америка Кошмо Штаттарынан экспорттолот. Ошол эле Ирак өз куралынын көпчүлүгүн жана анын ичинде химиялык куралды дагы өнүккөн мамлекеттерден сатып алган. Өткөн жылдын декабр айында Ирак жетекчилиги Бириккен Улуттарга өзүнүн аскерий өндүрүшүнүн абалы тууралуу 12 миң беттен турган өтчет тапшырган. Ал документте - Иракка аскерий технология АКШ, Кытай, Орусия, Улуу Британия жана Франциянын кайсы компанияларынан сатылып алынганы так айтылган. "Эл аралык мунапыздын" пикиринде, ал компанияларга каршы кылмыш иштери ачылууга тийиш.

Андан тышкары, 1990-жылы Иракка каршы экономикалык чектөөлөр жарыяланып, аскерий эмбарго киргизилгенине карабастан, Португалия андан кийин дагы Ирак менен аскерий соода жүргүзгөн. 1980-жылдардын башында британиялык фирмалар Багдадка - химиялык курал өндүрүүгө жарактуу заттарды саткан жана 1988-жылы Ирак жетекчилиги өз элине каршы химиялык курал колдонуп, беш миң адамды өлтүргөн. Отчетто Ирак кана эмес, дүйнөнүн башка мамлекеттери тууралуу да ар башка ушу сыяктуу маалымат көп.

Акыркы жылдарда болсо, эл аралык терроризмге каршы күрөш менен байланыштуу, Батыш өлкөлөрү Борбор Азиялык мамлекеттерге өз аскерлерин жиберип, алардын аймагында аскерий базаларды кура баштады. Бул факттын өзү эле региондогу өлкөлөрдүн жетекчилеринин жүргүзүп жаткан саясатын колдоо сыяктуу кабыл алынгандыктан, алар акыркы мезгилде адам укуктарын бузуу аракеттерин ого бетер күчөттү.

Андан тышкары, Америка Кошмо Штаттары жана башка Батыш өлкөлөрү Борбор Азияга аскерий жардам көрсөтүүнү да көбөйтүүдө. 2004-финансы жылында Грузия, Кения, Казакстан, Кыргызстан жана Эфиопияга берилген АКШнын аскерий жардамы көбөйтүлөт деп пландаштырылууда.

Эл аралык келишимдерден тышкары, мисал үчүн, Улуу Британиянын өзүнүн өкмөттүк саясат эрежелеринде - эгер кайсы бир өлкөнүн жетекчилиги сатылып алынган куралды өз элине каршы же башка бир мыйзамсыз аракеттер үчүн пайдаланышы мүмкүн болсо, Британия өкмөтү андай өлкөгө курал сатуу лицензиясын өз компанияларына бербеш керек деп айтылат. Анткен менен, Улуу Британия экспортуна жасалган аудиттин жыйынтыгы көрсөткөндөй, Британия азыр - Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанга кандай болбосун курал берүүгө даяр. "Эл аралык мунапыздын" пикиринде болсо, бул мамлекеттердин жетекчилиги - адам укуктарынын одоно бузулушуна жол берген өкмөттөр.
XS
SM
MD
LG