Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:11

Германиянын Бремен жеринде шайлоо өтүүдө


Баяндамачылардын пикиринде, добуш берүүнүн жыйынтыктары немец канцлери Герхард Шрөдөрдүн башкаруучу Социал-демократиялык партиясы үчүн чоң сыноо болот. Бременди учурда бийликтеги социал демократтар менен оппозициядагы христиан демократтар биргелешип башкарат. Канцлер Г.Шрөдөрдүн башкаруучу коалициясы былтыр сентябрь айында экинчи мөөнөткө бийлигин сактап калгандан бери үч жердеги шайлоодо саясий атаандашына уттуруп койду. Коомдук пикирди сурамжылонун жыйынтыктарына караганда, Бремендеги шайлоодо социал–демократтар христиан-демократтарды бир аз артыкчылык менен жеңиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG