Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:15

Алжирдеги жер титирөөнүн курмандыктарынын саны эки миң адамдан ашты


Өлкөнүн ички иштер министрлигинин билдиргенине караганда, жекшемби күнгө карата алардын саны 2047 адамга жетти. Зилзаладан жабыр тарткан калк өкмөттү турак-жайлардын сапатсыз курулушуна жол бергени, куткаруу иштерин ыкчам жүргүзбөгөнү, башкалкалоо үчүн утурумдук жайлар уюштурулбаганы үчүн айыптоодо. Кечээ Алжирдин президенти Абделазиз Бутефлика жер титирөөгө кабылган райондордун бирине барганда кыжырданган адамдардын тобу анын дарегине акарат келтирген сөздөрдү айтышып, мамлекет башчысынын кортежин көздөй таш ыргыштышты. Жер титирөөдөн 8,5 миңден ашуун киши жаракат алды, миңдеген адамдар үй-жайынан айрылды. Урандылардын алдында калган жүздөгөн адамдар эми аман табылат деген ишеним аз. Алжирдеги жер титирөө шаршемби күнү болуп, күчү Рихтер шкаласы боюнча 6,7 баллды түзгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG