Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Иракта жергиликтүү бийлик органдарын түзүү жараяны кыйынчылыктар менен коштолууда


Өлкөнүн түндүгүндөгү Киркук шаарында 300дөй делегат 30 адамдан турган жергиликтүү утурумдук өкмөттү шайланды. АКШ аскерлери бүгүн алардын алтоосун бекитти. Бирок, тандалып алынгандардын арасында күрттөрдүн көптүк кылышы жергиликтүү арабдардын нааразылыгын жаратты. Ал эми Ирактын экинчи ири шаары - Басрада бийлик органдарын Саддам Хусейндин "Баас" партиясынын мүчөлөрүнөн тазалоо максатында шаардык кеңеш таратылды. Эми Басраны убактысынча британ аскерлери коммуналдык чарбаны тейлеген жергиликтүү адистердин тобу менен жарнакташып башкарат. Маалыматтарга караганда, таратылган шаардык кеңештин мүчөлөрү мындай чечимди кыжырдануу менен кабыл алып, "Баас"партиясынын мүчөсү экенин жашырышпаганын, бирок ошол эле учурда коалициялык күчтөр менен кызматташканын билдиришүүдө. Ушундай эле кырдаал британ аскерлери көзөмөлдөп турган порттук Умм-Каср шаарында да түзүлдү. Бүгүн Умм -Касрга калыбына келтирүү иштери менен таанышуу үчүн Ирактын америкалык администрациясынын башчысы Пол Бремер барды.

XS
SM
MD
LG