Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:36

Израил өкмөтү «Жол картасы» планын бекитти


Жекшемби күнү Израил өкмөтү Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуунун«Жол картасы» планын айрым шарттар менен жактырды. Жөөт өкмөтү «Палестин тарап согушкерлердин аракетин токтотсун, палестин качкындарынын жана алардын мураскорлорунун Израилдин аймагында калган мурдагы үйлөрүнө баруусу тууралуу талаптарынан баш тартышы керек» деген шарттарды коюшту. Ал эми тынчтык планы тууралуу эки тараптуу сүйлөшүүдөгү пластиналык делегациянын өкүлү Саеб Эрекат мындайча өз оюн айтты:

Израил өкмөтү тез аранын ичинде Плестин мамлекетин таануу тууралуу билдирүү кабыл алышы керек жана ушундай эле билдирүү менен палестинанын жетекчилиги да Израил өлкөсүн таанышы керек. Менин ишенимимде, азыр сөздөн ишке өтө турган мезгил..

Бүгүн Палестинанын жана Израилдин өкмөт башчылары жолугушуп, тынчтык планынын талкуулашышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG