Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:35

«Ыкчам аракеттенчү күчтөр» түзүлдү


БИШКЕК. Кыргызстандын күч министрликтери биригип « Ыкчам аракеттенчү күчтөрдү» түздү. Алардын жыйынтык машыгуусу 27-майда Койташтагы «Алатоо» машыгуу талаасында өткөрүлөт. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Мирбек Койлубаев билдирди. Анын айтымында, машыгуу талаасында ар бир күч структурасынын жетекчиси өз министрлигинде түзүлгөн ыкчам аракеттенчү күчтөрдү жетектейт. Ал эми жалпы жетекчиликти Коргоо министрлигинин башкы штабы жүргүзөт. Бул күчтөр өлкөгө сырттан бандиттик жана экстремисттик топтор кол салып жиберишине каршы күрөшүү максатында түзүлүүдө. Жыйынтык машыгууга президенттин катышуусу күтүлүүдө. 26-майда өлкөнүн коргоо министри Эсен Топоев Кыргызстанда катталган чет мамлекеттик элчиликтердин аскердик атташелерин кабыл алды. Анда чет өлкөлүк аскерий адистерге Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн азыркы абалы тууралуу маалымат берилди.

XS
SM
MD
LG