Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:05

Бишкек шаар милийса башчысы Акыйкатчынын айтканына макул эмес


БИШКЕК. Башкалаанын милийса башчысы, генерал-майор Кеңешбек Дүйшөбаев «Кыргызстан Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулунун президент Аскар Акаевге 23-майдагы кайрылуусунда Ички иштер министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгына карата сыны укуктук жактан туура эмес жана ал маалымат жетекчиликти адаштырат»- деп, дүйшөмбү күнү «Кабар» маалымат агенттигинде билдирди. Анын айтымында, Акыйкатчынын «Аксыдан келген аялдар 16-майда милиция күч колдонуу менен кармап кеткенден кийин ачкачылык акциясын баштады» дегени туура эмес. Анткени, аялдардын ачкачылыкты баштоого байланыштуу арыздарында андай себеп айтылган эмес. 16-майда аларды кармоо мыйзам чегинде жүргүзүлгөн. Акыйкатчынын «Аялдар сегиз саат бою айып коюлбай кармалды» дегени да укуктук жактан туура эмес. Себеби, «Аксыдан келгендер административдик тартип бузууларга байланыштуу кармалган жана мындай тартипте кармалгандарга айып коюлбайт»- деди Кеңешбек Дүйшөбаев.

XS
SM
MD
LG