Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:23

«Манаска» келип кеткен учак кырсыкка учурады


БИШКЕК. Дүйнөлүк маалымат каражаттарынын кабарлоосуна караганда, 26-майда эртең менен Түркиянын Мака шаарына жакын жерде Украинанын ЯК-42 учагы кырсыкка учурап, учактагы Ооганстанда кызмат өтөп мекенине кайткан Испаниянын 62 жоокери жана 12 учкуч каза болгон. Кыргызстандын «Манас» аба майданында жайгашкан антитеррордук коалициянын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн дүйшөмбүдө алынган маалыматка караганда, Ооганстандан испан аскерлерин алып учкан ЯК-42 учагы адегенде «Манас» аба майданына келип конгон. Ал учакка «Ганси» базасынан дагы 9 испан аскери кошулуп, Испаниянын Сарагоса шаарына учкан.

XS
SM
MD
LG