Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:26

АВИАКЫРСЫКТАН ИСПАНИЯЛЫК 62 АСКЕР НАБЫТ БОЛДУ


Дүйшөмбү күнү таңга жуук Түркиянын түндүк батышында Украинага караштуу “Як-42” самолету кыйроого учурап, 70тен көп адам набыт болду. Ырасмий маалыматтар боюнча, курман болгондордун 62си испаниялыктар. Алар Ооганстандагы эл аралык тынчтык күчтөрүнүн курамында 4 ай кызмат өтөп, мекенине кайтып баратышкан. Бишкектен учуп чыккан самолет Трабзон аэропортунда май куюп алып, андан соң Испанияга сапар алмак.

Дүйшөмбү күнү үрөң-бараңда Түркиянын түндүк батышындагы Трабзон аэропортуна конгону баратып, Украинага карашатуу “Як-42” самолету кыйроого учурады. Бишкектин “Манас” аэропортунан учуп чыккан самолет Кара деңиз боюндагы авиабекеттен май куюп алып, андан ары Испаниянын Сарагоса шаарына багыт алмак.

Испаниянын коргоо министрлигинин тастыкташынча, самолетто испаниялык 41 жоокер жана өлкөнүн аба күчтөрүнүн 21 кызматкери болгон.
Бишкектеги “Ганси” аскер базасынын өкүлүнүн маалыматы боюнча, Сарагосага учуп бараткан самолеттогу аскерлерге “Гансиден” тогуз аскер кошулган экен.
Самолеттун 12 адамдан турган экипажы да мерт болгонун Түрк бийликтери билдирди.
Бирок, самолеттун ээлеринин ырасташынча, экипаждын курамы 13 адамдан турган.

Түркиянын NTV телеканалынын ырасмий булактарга шилтеп кабарлашынча, калың тумандан улам экипаж самолет кончу тасма жолго эки ирет коно албай, үчүнчү ирет конууга аракет жасап жатканда бийик тоону сүзүп алган.

Трабзондун губернатору Аслан Ыйылдырым “Си-ен-ен-Түрк” телеканалына
берген интервьюда, түрк жоокерлери самолеттун сыныктарынын астынан 25тен көп жасатты тапты деп билдирди.
“Самолеттун сыныгы 15-20 мүнөт чамасында тынбай жарылды. Мен ошондон кийин гана ага жакын бара алдым. Отко күйгөн эки денени көрүп, аскерий полицияны чакырдым”, -дейт Саит Топчу деген адам.
Түркиялык аскерлер менен тез жардам кызматы кырсык болгон жайга ошол замат жетип келип аракеттене баштаганын Анадолу агенттиги кабарлады.

Испаниянын “Эл Мундо” гезити маалымдаганга караганда, испаниялыктар инженерлик бөлүктөрдөн болушчу. Аскерлердин көпчүлүгү төрт ай бою Кабулдагы эл аралык тынчтык күчтөрүнүн (кыскача аталышы ISAF) катарында жүрүп, инженерлик обьектилерди курууга жана миналарды жок кылууга көмөктөшкөн. Гезит ошондой эле Ооганстанда бир да испаниялык аскер окко учкан эмес эле деп, кырсык Испания үчүн чоң жоготуу болгонун белгилейт.

Ооган жериндеги көп улуттуу күчтөргө Испания бардыгы 120 аскер жөнөткөн.
Кабулдагы эл аралык тынчтык күчтөрүнүн өкүлү, Нидерланд армиясынын полковниги Пол Колкен испаниялык аскерлердин жоготуусуна байланыштуу терең өкүнүчүн билдирди.
Колкендин айтымында, испаниялык аскерлер Кабулдан дүйшөмбү күнү эртелеп учуп чыгышкан.
Франс пресс жаңылыктар агенттигинин маалымдашынча, набыт болгон аскерлердин көпчүлүгү Испаниянын ортолук бөлүгүндөгү Бургос жана Сарагоса провинцияларынын уулдары.
XS
SM
MD
LG