Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:29

ОРУС ГЕЗИТТЕРИ БОРБОРДУК АЗИЯДАН ЖУМУШ МИГРАНТТАРЫН ЧАКЫРУУГА КАРШЫ ЧЫГЫШУУДА


Төрөкул Дооров, Москва Жыйынтыкталып жаткан жумада орусиялык басма сөз беттеринде Борбордук Азия өлкөлөрүн талкууга алган макалалардын мүнөзү көңүл көбүрөөк миграцияга, аскерий кызматташтык менен региондогу басма сөз эркиндигинин абалына бурулгандыгын айгиниледи.

Бул үч багыттагы: миграция, сөз эркиндиги жана аскерий кызматташтык менен байланыштуу проблемалар негизинен орус журналисттеринин аң-сезиминде Борбордук Азия аймагына тиешелүү түбөлүктүү суроолордун сөлөкөтүн берет. Анткен менен алардын акыркы мезгилдерде кайра күч алгандыгына бир катар олуттуу себептер бар экендиги анык. Мисалы, миграция маселесинин курчушуна жай мезгилинин башталышы менен Орто Азия регионундагы өлкөлөрдөн Орусияны көздөй аккан жумуш мигранттарынын санынын арбышы себеп болду. Аптанын шаршембисинде «Известия» гезити (21.05.03) өлкөнүн укук коргоо органдары Санк-Петербург шаарындагы базарларда иштегендер арасында «тазалоо» иштерин жүргүзгөндүгүнө токтолду. Макалада айтылгандай, бул иштин техникасы, кудум, Чеченстанда жүргүзүлүүчү «тазалоо» операциясына окшоп кетет имиш. «Чабуул негизинен тажиктер менен кавказ улутундагы адамдарга жасалат» дейт журналист. Ал эми ошол эле гезитте жума күнү басылган макалада «Жакынкы күндөрдө Маскөөдө депортациялык борбор» ачыла тургандыгы маалымдалат.

Басма сөз беттеринде бул өңдүү кабарлардын пайда болушу жакында эле мамлекет башчысы В.Путиндин Парламентке болгон кайрылуусунда миграция саясаты боюнча айткан сөздөрүн жокко чыгарды. Анда Путин орусиялыктардын катарын дал ушул жумуш мигранттарынын эсеби менен көбөйтүү керектигин баса белгилеген болучу.

Демографиялык проблеманы башка улуттагылардын, же башка өлкөдөгүлөрдүн жардамы менен жөнгө салуу идеясы бир эле Путиндин эмес, Түркмөнстан башчысы Сапармурат Ниязовдун да башын ооруткан маселе экендигин айтат «Независимая газета» (23.05.03). Журналисттин айтымында, түркмөнбашы калктын санын анатолиялык түрктөрдү, ал аймактагы этникалык түркмөндөрдү Түркмөнстанга отурукташтыруу жолу менен көбөйтүү маселесин ойлонуп жатыптыр.

«Басма сөз эркиндиги». Көз карандысыздыктын дээрлик он экинчи жылында жашап жатышкан Борбордук Азиядагы эле эмес, жалпы эле Шериктеш жумурияттардын аймагындагы өлкөлөр үчүн бул маселе бүгүнкү күнгө дейре олуттуу бойдон калууда. «Ал эми өзүнүн өзгөчө улуттук менталитети менен айырмаланган Өзбекстан үчүн проблема дагы көпкө чейин актуалдуулугун жоготпой тургандыгында шек жок» деп жазышат «Новое время» (23.05.03) менен Өзбекстандын сөз эркиндиги комитетинен Ирена Сафаргалиева (21.05.03). Сөз эркиндигине кол салгандыгы үчүн өлкө президенти Ислам Каримов эки жумадан бери орус журналисттери тарабынан өтө курч сынга алынууда.

Орус гезиттеринде Борбордук Азия көптөн бери эле дүйнөдөгү улуу державалардын кызыкчылыктары менен ойногон аймактын атын алып жүрөт. Мындай мүнөздөмө Кыргызстандагы антитеррористтик коалициянын жана Орусиянын аскерий базаларынын, Тажикстандагы Орусиянын ири аскерий базасынын орун алуусу менен тыгыз байланышта. Бул жумада да орус гезиттери бул темадан алыстап кете алышкан жок. «Красная звезда», «Независимая газета» жана «Газета.СНГ» гезиттери кайра эле бул маселеге кайрылышып, анын көп кырдуу жактарына назар салууга аракет кылышты. Мисалы, «Независимая газета» Тажикстанды «КМШ ичиндеги Орусиянын геосаясий кызыкчылыктарынын борборуна айланат» дейт. Журналисттин айтымында, Орусия Тажикстандагы аскерий базасын дагы кеңейтүү аракеттерин көрүп жаткан экен. Ал эми «Красная звезданын» маалыматы боюнча, ал базада кызмат өтөө үчүн тажик атуулдары да тартылышууда. «Алардын көбү орус тилин начар билишкендиктен учурда тажик жергесинде орус тилин окутуу кайра күчүнө келтириле баштады» дейт журналист. Ошол эле учурда, «Независимая газета» «бул аскерий базалардын жаралыш тарыхына жана алардын баштапкы максаттарына көз жүгүртүү менен, алар кезегинде бул аймакта көпкө болушпай тургандыктарын айтышкан эле» дейт. «Аймакта туруктуулук орун ала баштаганы менен орусиялык аскерлер да, америкалыктар да ал жерден кеткилери жок» деп таң калгандыгын жашырбайт журналист Владимир Мухин.
XS
SM
MD
LG