Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:26

Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин төрагасы Орусияга келди


Ху Цзиньтао алты күнгө созулуучу иш сапары учурунда орус президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү өткөрөт. Анда тараптар Орусия менен Кытайды туташтыручу муунай куурунун курулушуна байланышкан маселелерди да талкуулары күтүлүдө. Кытай лидери ошондой эле Мамлекеттик думада сөз сүйлөйт, Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине, Санкть-Петербург шаарынын 300 жылдыгына байланышкан майрамдык салтанаттарга катышат. Орусиядан соң ал Францияга, Казакстанга, Монголияга барат. Бул - Ху Цзиньтаонун жакында Кытайдын мамлекет башчылыгына бекитилгенден бери чет өлкөдөгү алгачкы иш сапары.

XS
SM
MD
LG