Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:35

АКШнын президенти Жорж Буш жөөт жана палестин өкмөт башчылары менен Иорданияда жолугушу мүмкүн


Бул тууралуу Израилдин тышкы иштер министри Сильван Шалом билдирди. Анын айтымында,жолугушуу Иорданиянын башкалаасы Амманда келерки аптанын соңунда өтүшү ыктымал. АКШ тарап азырынча жогорудагы кабарды ырастай элек. Йордания тарап болсо саммитин орду боюнча чечим кабыл алына электигин маалымдады. Израилдин өкмөтү кечээ жөөт-палестин чатагын жөнгө салууну караган "Жол картасы" тынчтык планын айрым шарттар менен кабыл алды. Жөөт премьери Ариэль Шарон жакынкы күндөрү планды талкулоо үчүн палестин өкмөт башчысы Махмуд Аббас менен жолукмакчы. Бүгүн Рамалла шаарында палестин жетекчилиги менен француз тышкы иштер министри Доминик де Вильпен сүйлөшүү өткөрүп, тараптарды АКШ, Улуттар Уюму, Европа Биримдиги, Орусия сунуш кылган "Жол картасы" планын толук аткарууга чакырды:

- Палестиндерден соң планды Израилдин кабыл алуусу менен чөлкөмдүн тарыхында жаңы барак ачылууда. Эми келечек аныкталып жаткан кезде тараптардын ар бири өз милдеттемелерине олуттуу мамиле жасоосу абзел.

XS
SM
MD
LG