Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:48

20-КЫЛЫМ УЛУУ ЫРЧЫСЫ ОРУСИЯДА


Муса Мураталиев, Москва Поп-музыка менен рок-н-ролл жанрларын жараткан англиялык ырчылардын бири Кызыл аянтка оюн коюп кетти.

Бул күндөрү Маскөөнүн жүрөгү болгон Кызыл аянтта жыйырманчы кылымдын легендарлык ырчысы Пол Маккартнинин өнөрүн көрүү болду. Ал алтымышынчы жылдары Англияда пайда болгон «Битллз» топ жылдыздарынын бири. Калган үчөө дүйнөдөн кайткан.
Кезегинде алар Москвага келебиз дегенде советтик режим аларга уруксат бербей койгон. Илимпоздор битллдер жазган ырлардан кийин рок-н-ролл жаан поп-музыка жанрлары пайда болгонун белгилешет.

Битллдер топ жылдызы жараткан ырлар 20 кылымдагы улуу композиторлор Шуберт, Гайдн, Моцарт, Чайковский, Глинка жана башка ысымдар чыгармаларынан кем эмес. Бир айырмасы - азыр биз атын атаган композиторлор чыгармалары битллдер ырлары жер жүзүндө миллиондогон ыр жактыруучуларга кеңири белгилүү. Ал эми битллдер «Оболку күн» (“Yesterday”) ыры анализчилер маалыматында бардык убактагы бардык элдер арасынан чыккан ар кайсы элге эң кеңири таркаган ыр болуп келет. Ошол себептүү битллдер тобунун ырлары жер жүзүндө элдер бир нече муунуна катуу таасир эткен. Азыркы туштагы жаштар да андан ыракат алышат.

Мына ошол, 20-кылымдын ачылышы болгон, битллдер ырлары таркабаган жер бир гана коммунисттик режим чырмап жаткан элдерде болгон. Аны билгенде битллдер өздөрү келип кетиш үчүн алтымышынчы жылдары Советтер Союзунун генсеги Леонид Брежневге кайрылышкан. Бирок коммунисттик идеологияга туура келбейт деп ырчыларга уруксат бербей койгон. Ал кезди биз башыбыздан өткөрүп калгандыктан «темир көшөгө» деген ошол болгонун, ал дайыма тартылуу тургандыгын анан анын артында болуп атканды туйбоо ошондон болгонун кийин билдик.

Ал эми «Азаттык», «Америка добушу», «Би-Би-Си» үналгыларынын үнү советтик кубаттуу техника менен тумчулангандыктан, аны угабыз деп, кол радиобузду улам бир бурчка келип такап угуп, анда да үзүл-кесил угуп, битллдер тобун ырларын билдик эле. Жүрөккө жеткен андай ырлар бир гана эркиндик теңдик заманы бар жерде болорун аңдаар элек. Ал ырлар биздин делебебизди козгоп, бизди жер жүзүндө элдер катарына кошуп, бизди алардын бир гражданына айлантып салуучу эле. Бирок битллдер ырлары ал кездеги саясатчылар «кансыз согуш» кармашынын нагыз куралы болгонун кийин аңдаган элек.

Акыры, ошол алтымышынчы жылдары Англиядан чыккан топ жылдыз – орусиялык жаштар эңсеген керемет - битллдер ыры, кеч болсо да, Кызыл аянтта жаңырды. Тирүү легендага айланган алардын бири - Пол Маккартнини чукулдан көрдүк. Ал баарыга окшогон эле бир киши болуп чыкты. Айырмасы гана Улу Британиянын урматына ээ болгон гражданы алуучу с э р наамы бар экен. Андай наамга кезегинде Маргарет Тетчер да татыктуу болуп, азыр ал – л е д и Тетчер. Дагы бир айырмасы Пол Маккартни азыр абдан бай экен. Бүт байлыгы миллиарддан ашуун долларга тең келет экен.

Кыргызда атагы улутубузга гана эмес башка элдерге да таанылган залкар таланттарыбыз, айталы, Боогачы, Атай, Муса, Жумамүдүн, Рыспай ж.б. обону-ыры ушундай баркталар бекен деп үмүт этип кетесиң.

Эми атактуу ырчынын Кызыл аянтта өнөрүн көрсөтүүсүнө кайра келсек, ага 20 миңдей абдан кымбат белеттер сатылып, эл келди. Белет жептегендер Кызыл аянтка келүүчү көчөлөрдө - милиция тосуп салгандыктан – сагалап, ошол жерде буттары талып, тышта орнотулган сыналгылардан көрүп, кумары болгон ырларын угушту.

Эми битллдер тарыхына келсек, ал топ жылдыз уландары кезегинде ич ара алакалары сууп, таркап кетишкен. Азыркы тушта үчөөнүн көзү өтүп, алар арасынан жангыз көзү тирүү калган – сэр Пол Макартни. Анын азыр алтымыштан ашып калган кези. Кызык жери - кезегинде битллдер каражатка муктаж болушкандыктан ырларынын автордук укугун кимдир бирөөгө сатып жиберишиптир. Кийин аны дүйнөгө аты чыккан, залкар ырчы - Майкл Джексон сатып алыптыр. Ошол себептен битллдер жангыз жылдызы ырдаган ырдын кирешеси америкалык ырчынын казнасына түшүп турат экен.

Сэр Пол Маккартни баарлашуу өткөргөндө ар кайсы өлкөдлөрөн 400-дөн ашуун журналист барды. Кремлде аны президент Путин кабыл алып, өзү кийин атактуу ырчынын оюнун көргөнү Кызыл аянтка чыкты. Лужков экөө катар олтуруп оюн көрүштү.
Кошмо Штаттары каржылаган киночулар тобу Пол көрсөткөн оюнду баштан-аяк тартып алышты. Аны көпчүлүккө көрсөтүү укугу аларда болгондуктан орусиялыктар сэр Пол Маккартнини дегинкиси, журналисттердин тапкан кебинен, тарткан тасмаларынан, аны да расмий чөйрөгө аралаш көрүп, угушту.

Биттлдер топ жылдызынан калган сэр Пол Маккартни мындан аркы сапары Тяньаньмэнь аянтыны экени жана ал Кытайда жарым миллион жаштар алдында өнөрүн көргөзө тургандыгы маалым болду.
XS
SM
MD
LG