Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:32

ЕКК уюму Армениядагы парламенттик шайлоо эл аралык нормаларга ылайык өтпөгөндүгүн жарыялады


Армениядагы парламенттик шайлоо көптөгөн мыйзам бузуулар менен коштолду. Бул тууралуу Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун шайлоого көзөмөлдүк жасаган өкүлү Роберт Бари билдирди. ЕККнун өкүлүнүн маалыматы боюнча, бул жолку шайлоодогу мыйзам бузуу фактылары мындан эки ай мурда өткөн президенттик шайлоого салыштырганда аз болду. Ошондой болсо да шайлоону эл аралык нормаларга ылайык өттү деп айтууга болбойт. Өлкөнүн оппозиция өкүлдөрү да шайлоонун жүрүшүндө көптөгөн мыйзам бузуулар орун алгандыгын жарыялашты. Ал эми Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясы алдын ала алынган маалыматтар боюнча, учурдагы президент Роберт Кочерянды колдогон партиялар жеңишке жетишкендигин кабарлады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG