Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:51

Европа Биримдиги жана жер ортолук деңиздин жээгиндеги өлкөлөр палестин-израил бийлигин “Жол картасы” тынчтык планын турмушка ашырууга чакырды


Дүйшөмбү күнү Европа Биримдиги жана жер ортолук деңиздин жээгиндеги өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Крит аралында жолугушуу өткөрүштү. Жыйындын катышуучулары палестин-израил бийлигин АКШ, Европа Биримдиги, БУУ жана Орусиянын өкүлдөрү иштеп чыккан Жакынкы Чыгышта тынчтыкты камсыз кылуу планын турмушка ашырууга чакырышты. Мисирдин Тышкы иштер министри Ахмед Махер тынчтык планы боюча мындайча өз оюн билдирди.

- Палестина жана Израил элдери үчүн өз жеринде тынтыкты, коопсуздукту камсыз кылууга абадан чоң мүмкүнчүлүк түзүлдү. Менин оюмча биз баарыбыз жоопкерчилик менен иш алып барышыбыз керек.

Ал эми жыйынга катышкан Израилдин Тышкы иштер министри Сильван Шалом болсо, Израил өкмөтү палестин качкындарынын Израилдин аймагындагы мурдагы үйлөрүнө кайтуусуна макул эместигин билдирди.

XS
SM
MD
LG