Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:00

ИРАК ИРАНДАГЫ РЕФОРМАЛАРГА ДЕМ БЕРЕТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Ооганстан менен Ирактагы диктатордук режимдер кулатылган соң Иран шахынын тун уулу, сүргүндө жашап жаткан Реза Пехлави Ирандын исламдык режими АКШнын эмки бутасы болуп калышы ажеп эмес деген мүдөөсүн билдире баштады. Бирок айрым эксперттер Ирандагы жагдайды өзгөртүүдө АКШнын кысмагына караганда өлкөнүн ички саясий жана диний күчтөрүнүн ролу таасирдүү болушу ыктымал экенин айтып жатышат.

"Азыркы жагдайда Иранда өзгөрүүлөрдүн болушуна карай ыңгайлуу жагдай түзүлүүдө",- деп билдирди 1979-жылы бийликтен кулатылган шах Мухаммед Реза Пехлавинин тун уулу, 42 жаштагы Реза. Реза Пехлавинин мындай билдирүүсү Ооганстандагы жана Ирактагы диктатордук режимдерди кулаткан АКШнын эми Иранды ар тарапатан кысмакка алышына үмүттөнүп жатканын айгинелейт.

Эки жылдан бери АКШ Иранды өзөктүк куралдарды чыгарууга тымызын аракеттенүүдө, террордук топторго демөөрчү болуп, “Ал-Кайида” исламдык террордук тобуна баш баана берүүдө деп күнөөлөп келатат. Бирок Иранга каршы кандай чара көрүү керек деген татаал суроону талкуулап жаткан АКШ жетекчилиги Иранды демократиялык ачык өлкө болуу жолуна бурууда, алардын тандоосунда чектелүү гана мүмкүнчүлүктөр тургандыгын аңдашууда. Эксперттер Ирандын келечек тагдырында АКШнын кысмагына караганда, ички саясий жана диний күчтөрдүн ролу алда канча таасирдүүрөөк болуп чыгышы ыктымал дешет.

Аналитиктердин баамында Ирандагы саясий тенденцияларга кошуна Ирактагы окуялардын өнүгүшү таасир этиши ыктымал. Анын үстүнө эки жылдан берки оозеки кысмактоо белгилүү натыйжаларды берип, Тегеранды Вашингтон менен эки тараптуу диалогго карай кадам жасоого мажбур кылды. Буга шыктанган айрым АКШлык мыйзамгерлер Ирандын режимге каршылык көрсөтүп жаткан топторуна жардам берүүнү жана демократияны колдогон маалымат каражаттарынын ишин күчөтүүнү сунуш кыла башташты. Ирандын реформачыл күчтөрүнүн уюшуп, активдешине үмүт кылган АКШнын таасирдүү мыйзамгерлери Иранда Ирактагыдай согуштук аракеттерди жүргүзүүнүн муктаждыгы жок экенин айтып жатышат. Си-би-эс телеканалына Иран маселеси боюнча жеке пикирин билдирген Индиана штатынан шайланган сенатор Ричард Лугар: "Иранда бизге чын ыкластан жакшы мамиле кылган көптөгөн адамдар бар!"- деп карапайым ирандыктарга жан тарткан.

Өткөн аптанын соңунда Ирандын 127 реформачыл мыйзамгеринен турган тобу өлкөнүн эң жогорку диний жетекчиси Аятолла Али Хаменейиге кат жолдоп, консервативдүү динчилдер үстөмдүк кылган мекемелер өлкөдө реформалардын жүргүзүлүшүнө бөгөт болуп жатышканын, муну менен консерватолор иш жүзүндө шайлоочулардын констиуцияда бекитилген укуктарын бузуп, алардын мүдөөлөрүнүн аткарылышына кедерги болуп жатышканын билдиришкен. Реформаны колдогон мыйзамгерлердин ири тобунун консерваторлорду сындаган ачык катын айрым серепчилер өлкөдө консерваторлор менен реформачылдардын ачык кагылышуусунун жакындап келатканы катары сыпатташууда. Мында Садам Хуссейн тарабынан ондогон жылдар бою кысмакталып келаткан Ирак шиилеринин боштондукка чыгып, диний чөйрөлөрдө теологиялык дебаттардын күчөшү Ирандын реформачыл диний саясатчыларына дем бере турган фактор катары каралууда. Жордж Вашингтон университетинин изилдөөчүсү, ислам таануучу Сейид Хуссейн Наср: "Иракта чыныгы ачык интеллектуалдык жана диний климаттын пайда болушу Иранга сөзсүз таасир этет", - дейт.

Бирок ошону менен катар изилдөөчү бардык өлкөлөрдүн калкы батыштык үлгүдөгү секулярдык мамлекетти колдоп чыгат деген пикир жаңылыш экенин белгилейт. Маселе толугу менен элдин тандоосуна койулса, ирактыктар менен ирандыктардын көбү диний компоненттерди камтыган өкмөттү шайлашмак. "Анткени саясий мекемелер өлкөдө өкүм сүргөн социалдык реалдуулукту чагылдырышы керек!", - дейт изилдөөчү.
XS
SM
MD
LG