Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:24

АКШ-РОССИЯ: “КАНСЫЗ” СОГУШТУН КАЛДЫГЫ - “ЖӨЖӨ” СОГУШ


Дүйнөлүк бир катар гезиттер, алардын ичинде "The Wall Street Journal" Кошмо Штаттары менен Россиянын мамилелерине кайрылып, Ирак кризисинен тараптардын алакасы ит арка абалга жетпесе да бир топ кыйгылдана түшкөнүн белгилешти. Ушул аптада Санкт-Петербург шаарынын үч жылдык мааракесинде америкалык жана россиялык президенттер ортодогу проблемаларды талкуулап, айрым талаштардын жөн-жайын тактаганга аракет кылышат. Бирок Буш менен Путиндин таймаш-тартышы муну менен бүтпөйт, деп ырастайт "The Wall Street Journal".

"The Wall Street Journal" президент Жорж Буш ушул аптада Россияга сапарга чыгарын эскертип, бирок Санкт-Петербург шаарынын мааракесине ага куру кол барганга туура келет деп белгилейт. Мындан эки жылдай илгери Буш орус президенти Путинге россиялыктарды “кансыз согуштун” акыркы саясий саркындысынан – Жексон-Вэник түзөтүүсү деп аталган соода санкциясынан сакыт кылганга убада берген эле. Аталган санкция мындан дээрлик отуз жыл мурда - 1974-жылы Советтер Союзунда еврейлердин активдүү куугунтукка алынып, басмырлангандыгына байланыштуу киргизилген эле. Былтыр жазда Жексон-Вэник түзөтүүсүн алып салганга оңтойлуу шарт түзүлгөн, бирок Россия Кошмо Штаттарынан импорттолгон куш этине эмбарго жарыялап, ортодо соода чатагы тутанды. Москванын талаптары жөжө багып, анын этин экспорттогон фирмаларды жылына 660 миллион бөлкөнтайдан кур жалак калтырды. Мындан тышкары согумга бодо мал байлап, уй этин экспортко чыгырган фермелер,жер семирткичтер менен соода-сатык кылышкан команиялар да Москвага бир катар доомат-догун артышты. Натыйжада Жексон-Вэник түзөтүүсүн жокко чыгаруу маселеси өзүнөн өзү күн тартибинен түшүп калды. Анын соңунан Ирак кризиси тутанып, Вашингтондун позициясына ООНдун коопсуздук кеңешинде Москва активдүү каршылык көрсөттү. Мунун баары, америкалык жана россиялык ишкерлер кеңешинин өкүлү Блэйк Маршаллдын сөздөрү боюнча, конгресстегилердин маанайын өзгөртүп, Россия үчүн кандайдыр бир жагымдуу кадамдарды жасагандан биротоло айнытып таштады.

Мамлекеттик департаменттин пландоо башкармасынын директору Ричард Хаас британдык “Индепендент” гезитиндеги макаласында эки тараптын ортосундагы айрым пикир келишпестиктер ири кризиске алып келбей тургандыгына ишендирди. Стратегиялык куралдарды кыскартуу боюнча келишимди америкалык конгресстен кийин бир топ маалкатып жатып болсо да орус парламенти ратификациялады. Санкт-Петербургда эки президент ратификациялык грамоталарды алмашат. Ошол эле учурда Хаас акыркы эки жылда Вашингтон менен Москванын алакаларында кыйын-кычыктуу учурлар болгондугун да жашырбады. Кошмо Штаттары, Хаастын кебине ылайык, Түндүк Корея жана Иран сыяктуу чогоол режимдерге, ошондой эле эл аралык жана регионалдык коркунучтарга байланыштуу проблемаларды жөнгө салууда Россияны активдүү кызматташтыкка чакырат. Вашингтондун мындай ыкыласын өткөн аптада Ак үйдүн өкүлү Ари Флейшер да бышыктады. Буш менен Путиндин телефон аркылуу сүйлөшкөн сөздөрүнүн урунтуу учурларын комментариялап, президенттер АКШ менен Россиянын өнөктөштүк алакасын бекемдөө боюнча өздөрүнүн милдеттенмелерин кайрадан ырасташты, согуштан кийинки Ирак проблемасында кызматташуунун маанисин белгилешти, Чеченстандагы жана Сауд Арапстандагы террордук акцияларда курман болгондорго көңүл айтышты, Кошмо Штаттары менен Россия терроризм, массалык кыргын салчу куралдар чөйрөсүндө бирдей коркунучка туш болгонун ырасташты, деп айтты Флейшер.

Бул темага атайын макала арнаган британдык “Файненшл таймс” гезити болсо эки президенттин өз ара мамилеси өтө деле бузулбагандыгын белгиледи. Вашингтон азыр Парижге жана Берлинге жүнү тетири айланганын жашырбайт, бирок Москвага жаман апаз айта элек. Белгилүү өлчөмдө Путин Ирак согушунан утуп чыккандардын бири болду, деп эсептейт газета. Ошол эле учурда эки тараптын арасын ит арка кылып салар дагы бир фактор калды. Мындай фактор деп газета Иранды атайт. Аятоллалардын режимине атомдук өнөр жайын өнүктүргөнгө Россиянын активдүү көмөктөшүп жатканы көптөн бери эле Вашингтондун кычыгына тийип жүрөт, деп эскертет газета. Алардын ашыналыгын Ирактан кийин эми Иран сынашы ыктымал.
XS
SM
MD
LG