Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:05

Ооганстандагы чоң казат бүттү, бирок ал согушка кол кабыш кылган америкалык аскерлердин бир бөлүгү Кыргызстанда кала берүүдө. АКШнын армиясы алар Ооганстандан башка жактардагы жаңжалдарда колдонулбайт деп ырастап келатат. Ушул шейшембиде америкалык гезиттердин биринде жарыяланган макала бул аскерлер кыргыз жергесинде дагы бир топ убакытка калаарын жана алар, балким, Кыргызстандын өзүндөгү же коңшу өлкөлөрдөгү жаңжалдарда пайдаланышы мүмкүн экендигин боолголоого түрткү берет. Макала "Уол Стрит Жөрнал" басылмасында "Пентагон аскерлерди алыскы аймактарга жайгаштырууга даярданып жатат" деген аталышта жарык көрдү.

"Жылаңайлак койчулар жана атка жайдак минген балдар жашаган Кыргызстанда Пентагон өткөн айда 300 чарчы чакырым жерди ижарага алды". Уол Стрит Жөрнел басылмасынын баяндамачысы Грег Жэффинин 27-майда жарык көргөн макаласы ушул сөздөр менен башталат. Көлөмдүү макаланын автору, чү дегенде эле, аскерлер Кыргызстанда канча убакыт калаарын Пентагондо эч ким так айталбай тургандыгын белгилейт. Ал "Манаста" турган эл аралык коалициялык күчтөрдүн командачысынын орун басары, полковник Жеймс Форресттин "бул жер Борбор Азиянын как жүрөгүндө болгондуктан, колуңан эч чыгаргың келбейт" деп агынан жарылган сөздөрүн келтирет.

Кыргызстандагы америкалык база авторго жалпы эле АКШнын учурдагы тышкы саясаты тууралуу ой калчоого түрткү болот.

Жорж Буштун администрациясы жаңы ишке киришкенде, АКШнын коргонуу департаменти жана улуттук коопсуздук адистери Экинчи Дүйнөлүк согуш кезиндегидей, бир-эки душманга каршы согушка даярдык көрүш керек деп эсептешкен. Бирок бүгүн Кошмо Штаттары Кариб аралдарынан тартып, Африка, Кавказ, Борбор Азия, Жакынкы Чыгышты тепчип өтүп, Түштүк Азия жана Түндүк Кореяга чейин созулуп жаткан бейстабилдүүлүк тилкесинде, экономикалык глобализациядан четте турган өлкөлөрдөгү жаңжал очоктору менен алектенүүгө белсенип турган чак. Жаңы стратегиянын кемчиликтери кайсылар? Биринчиден, АКШнын аскерлери чачыранды болуп кетсе, күчтүү бир душманга туруштук бере албай калат. Экинчи жагынан, аларга бир убакта бир нече жаңжалда согушууга туура келет, ошондо Кошмо Штаттары көп сандагы жаңы досторго муктаж болуп, алардын демократ же автократ экендигин көп ылгабай калышы ажеп эмес.

Алыскы аймактардагы коогалаңдарга чукул кийлигишүү үчүн, АКШнын коргонуу катчысы Дональд Рамсфельд азыр АКШ, Германия, Түштүк Кореядагы ири базалардагы дээрлик бир жарым миллион америкалык аскерди майда бөлүктөргө бөлүп, дүйнөнүн булуң-бурчундагы көп сандаган базаларга жайгаштыруунун жолун издеп жатат. "Уол Стрит жөрналдын" баяндамачысы бул базалар, анын ичинде Кыргызстандагы эл аралык антитеррордук коалициянын базасы чар-тараптагы жаңжалдарда колдонулушу мүмкүн экендигин белгилейт. Бирок, Грег Жэффи менен баарлашкан америкалык аскерий пландоочулар мындай жаңжалдарды басууга караганда, аларды алдын-алууга артыкчылык берүү зарыл экендигин моюнга алышкан.

Макаланын автору Кыргызстанга байланыштуу Пентагонду ойлонткон көйгөлөрдүн арасынан АКШныкынан айырмаланган баалуулуктарды, коррупцияны, исламдык экстремизмди жана жакырчылыкты атайт. Ал президент Акаевдин Феликс Куловду түрмөгө камаганын, Аксы окуяларын, америкалык аскерлер момпосуй бербей койгондо аларды таш бараңга алган жаш балдарды, "Манастагы" базанын дарбазасын сагаалап, кайыр сураган мас кишилерди, коалициялык учактарды жылыга 25 миллион долларга күйүүчү май менен Акаевдин күйөө баласы камсыздаарын, америкалык полковниктин "Кыргызстандагы коррупциялашкан система менен иштешүүдөн башка аргабыз жок" деп кол жайганын, Кантта Орусия аскер жайгаштырганын, Акаевдин "2005-жылы президенттиктен кетем" деген убадасына туураары белгисиз экенин, айтор өз армиясын бага албай, башкалардын армиясын багып калган өлкөнүн бүгүнкү күндөгү көйгөйлөрүн бүт тизмектеп келип, баяндамачы АКШ армиясы Кыргызстандан жакын арада кетпей тургандыгын белгилейт. Автор "Манастагы" базанын мурдагы командачысы генерал Кенништин сөздөрүн келтирет. "Мындан жарым жыл мурда Кыргызстан десе, атын айтканга тилим келбей, картадан да таба алчу эмесмин. Азыр болсо менин сөзүмдү кыргыз теледен бүт өлкөгө көрсөтүп жатышат" деп ыраазы болгон экен америкалык генерал. Көп өтпөй, ал командачылыкты кийин келген кесиптешине салтанаттуу түрдө өткөрүп берди. Макаланы автор "ал салтанатта советтик үлгүдөгү формачан беш-алты кыргыз генерал салют берип турушту", деген сөздөр менен аяктайт.
XS
SM
MD
LG