Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Топчубек Тургуналиев Бишкек шаардык сотуна кайрылды


БИШКЕК. Бүгүн белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиев башкалаанын Биринчи Май райондук сотунун 1 миң сом айыппул салган чечимине нааразы болуп, апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Бул тууралуу ал өзү кабарлады. Т.Тургуналиевдин айтымында, 16-майда милиция кызматкерлери аны негизсиз кармап кеткен. Өз кезегинде райондук сот «Т. Тургуналиев 16-майдагы санкцияланбаган митингге катышты» деген кине менен 1 миң сом айыппул салган. «Мен 16-майда болгон пикетке да катышууга үлгүргөн эмесмин. Ошол күнү милициянын күч колдонуусунан жабыркаган 2 аялга суу берип жаткан жеримден кармап кетишкен», - дейт Топчубек Тургуналиев. Ал эми кечээ Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы 16-майда милиция кызматкерлери мыйзам чегинде аракеттенгенин билдирген.

XS
SM
MD
LG