Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:08

Мыйзам чыгаруу жыйыны коопсуздукка байланыштуу токтом кабыл алды


БИШКЕК. Өлкөнүн тартип коргоо органдарынын иши жана коопсуздук маселеси боюнча үч күнгө созулган талкуунун жыйынтыгында Мыйзам чыгаруу жыйыны бүгүн токтом кабыл алды. 6 бөлүктөн турган ал токтомдо «акыркы кезде өлкөдө коомдун коопсуздугуна коркунуч туудурган кылмыштар көбөйүп, алардын көпчүлүгүнүн бети ачылбагандыктан, тартип коргоо органдарынын иши натыйжасыз» деп бааланды. Андан тышкары, президентке тартип коргоо органдарынын ишин координациялоону күчөтүү жана алардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилигин карап көрүү сунушталды. Ал эми өкмөткө болсо бул органдарды материалдык-техникалык жактан камсыздоону жакшыртуу, кызматкерлердин социалдык маселелерин чечүү тапшырылды. Токтомдо 2002-жылы мартта болгон Аксы окуясындагы киши өлтүрүү боюнча күнөөлүүлөрдүн аныктала электиги белгиленген. Ошондой эле, Бишкек-Торугарт жолунда 21 кишинин өлтүрүлүшү, Коопсуздук Кеңешинин катчысы Мисир Ашыркуловго кол салуу, Бишкектеги «Турбазанын» өрттөлүшү сыңары кылмыштардын бети ачылбай жатканы белгиленген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG