Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:53

КЫТАЙ “ЧОҢ СЕГИЗДИН” ТОБУНУН “ШЕРИНЕСИНЕ” КАТЫШЫП, БИРОК АГА МҮЧӨ БОЛУУНУ КААЛАБАЙТ


Кытайдын мамлекет башчысы Ху Цзянтао 1-июнда Франциянын Эвиан шаарында өтчү өнөр жайы өнүккөн өлкөлөрдүн лидерлеринин жыйынына катышат. Буга дейре Кытай жетекчилиги “Сегиздин тобу” деп аталган бул топтун саммитине ырасмий түрдө катышкан эмес. Бирок, ырасмий Бээжиндин айтымында, Кытай “Сегиздин тобунун” жыйындарына катышууну каалаганы менен, анын туруктуу мүчөсү болууга умтулбайт.

Кытайдын президенти Ху Цзянтао дүйнөнүн сегиз өлкөсүнүн лидерлеринин 1-июнда Франциянын Эвиан шаарында болуучу саммитине катышат. Бирок, ырасмий Бээжиндин маалымдашынча, Кытайда “Чоң сегиз” деп аталган топко туруктуу мүчө болоюн деген ниети жок.

Тышкы иштер министринин орун басары Лью Гутчаң Бээжинде өткөн пресс-конференцияда: “Кытай өсүү деңгээли боюнча “Сегиздин тобуна” мүчө болууга жарабайт. Биз бирок анын маанисин танбайбыз”,- деп, Кытайдын экономикасы өнөр жайы өнүккөн өлкөлөрдөн алда канча артта экенин мойнуна алды.

Сегиздин тобуна өнөр жайы мыкты өнүккөн АКШ, Британия, Германия, Канада, Италия, Франция, Япония жана Россия мүчө. Россия экономикалык кубаты боюнча дүйнөнүн алдыңкы 20 өлкөсүнүн да тизмесине кирбейт. Анткен менен өлкөнүн дүйнөлүк саясатта ээлеген орду эске алынып, топтун жыйынына соңку бир-эки жылда үзбөй чакырылып жүрөт.

Айрым байкоочулар Ху Цзянтао Эвианда өтчү “шеринени” эки жактуу дипломатиялык мамилелерди бекемдөө үчүн пайдаланууну көздөйт дешет.
Кытай лидери саммиттен тыш убакта Франциянын президенти Жак Ширак менен кездешет. Бирок ал үчүн Кошмо Штаттарынын президенти Жорж Буш менен болчу кездешүү өзгөчө маанилүү. Эки лидердин сүйлөшүүсүндө АКШ-Кытай мамилелери, эл аралык проблемалар, анын ичинде Түндүк Корея ядролук кризиси да талкууланат деп болжолдонууда.

Экспертер да негизинен Кытай демократиянын үлгүсү саналган капиталисттик өлкөлөрдүн шеринесине мүчө болууга умтулбайт деп эсептешет. Себеби, Бээжин акырындап экономиканы мамлекеттик башкаруудан чыгарып жатканы менен, өлкөдө жалгыз Коммунисттик партия үстөмдүк кылат.

Ошондуктан, Кытай “Сегиздин тобуна” кошулсам десе, Англиялык эксперт Роберт Тейлор байкагандай, Батыш андан саясый реформаны талап кылары сөзсүз.

“Кытай жетекчилиги саясый реформанын зарылдыгын түшүнөт жана саясый процесстерди өзү контролдоп, анын сырттан таңууланганына каршы”,- дейт Тейлор.

Деген менен, “Сегиздин тобу” жана башка эл аралык уюмдар менен кызматташуу, ырасмий Бээжинге алардын “кан тамыры” кандай сокконун билип турганга мүмкүндүк берет. Ушундан улам, Кытай бакубат өлкөлөрдүн лидерлеринин саммитинен четте калгысы келбейт.

Непада Кытай таасирлүү топко кошулса, Үчүнчү дүйнөнүн өлкөлөрү сыягы тыш өлкөлөрдөн арзан жардамды албай калат.
Мына ушундай себептерге байланыштуу Кытайдын мурдакы президенти Цзян Цземин алдыңкы өнөр жайлуу мамлекеттердин жетекчилеринин жолугушууларына чакырылса да барбай жүргөн. Бирок, жакында Кытайдын жаңы жетекчилиги өлкө 2000-жылы Окинавада болгон жыйынга чакырылбады деп Японияга капачылыгын билдирген эле.

Кытайлык дипломаттар бийлик башына Ху Цзянтао башындагы жаңы муундун келгенин айтышып, “мезгил алмашууда” деп түшүндүрүшөт өлкөнүн тышкы саясаттагы жаңы багытын.

Ал эми Тышкы иштер министри Лью Гутчаңдын сөзүнө караганда, эл аралык коомчулуктун алдында дүйнөлүк экономиканы дымыгуу абалынан чыгаруу, бай жана жарды өлкөлөр ортосундагы ажырымды кыскартуу сыяктуу орчун проблемалар турат жана Кытай бул проблемалардын үстүнөн башка өлкөлөр менен чогуу иштеп, чогуу чечүүнү каалайт.

Бирок, кээ бир байкоочулардын айтымында, Кытай президенти Ху Цзянтао “Чоң сегиздин” Францияда болчу жыйынына катышып, өзүнүн жеке кызыкчылыгын да көздөөдө. “Ху эл аралык саясый аренага чыгуу менен, өлкө ичиндеги кадыр-баркын көтөрөт. Экс-президент Цзян Цземин бул жолойду көп колдонгон”,- дейт Гонконг шаардык университетинин изилдөөчүсү, Кытай боюнча адистешкен эксперт Жозеф Ченг.
XS
SM
MD
LG