Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:22

КӨЛГӨ ТҮШКӨН ЖУРНАЛИСТТЕР, ЖАБЫЛГАН ГЕЗИТ, АКАЕВДИН СҮРӨТҮ


Соңку аптанын соңунда кыргыз журналисттери Көл жээгине чогулуп, кесиптик сырларын ортого салышты. Кыргыз басма сөзүнүн бир кенемтесин толтуруп турган «Моя столица» гезити жабылды. Мамлекеттүүлүктүн 2200 жылдыгы, Бишкектин 125 жылдыгы, акыркы коңгуроо сындуу салтанаттар кыргыз басылмаларында арбын чагылдырылды.

Өткөн жума күнү – 23-майда «Моя столица» гезити чыкпай калды. Ленин райсотунун сот аткаруучусунун токтому менен гезиттин даяр нускасы сатууга чыгарылбай, мүлкү тартылып алынмай болду. Журналист Аскер Сакыбаева эркин басылмага карата бийликтин мамилесине токтолуп: «”Моя столица” гезитинин чыкпай калышы өлкөнүн эле аброюна доо кетирип, азыркы режим түздөн-түз авторитаризмге баратканын айгинелейт. Анткени бу гезиттин жазгандарындай башка гезиттер жаза албайт. Акыры президент да демократияны же күйөө баланы тандай турган учур келет», деп жазат. Анын макаласы шейшембидеги «Агым» гезитинде жарыяланган.

Аксы алааматында набыт кеткендердин жакындарынын Бишкектеги ачкачылык акциясын, «Моя столица» басылмасынын чыкпай калганын «Республика» гезитинин шейшембидеги санында Елизавета Лиственная жазып чыкты. «Моя столицанын» башкы редактору Александр Кимдин айтуусунда: «Гезит үчүн соттук доо-арыздар жаңылык деле болбой калды. Мунун баары Адил Тойгонбаевдин чарбалык ишкердигинин көпчүлүк фактыларын ачыкка чыгарып атканыбыздын натыйжасы. Үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү боюнча деле бизде жетиштүү материалдар бар, азырынча алар тууралуу унчуга элекпиз. Алар Кыргызстандын экономикасына орду толгус жоготууларды алып келишти». Сатыкка түшпөй калган «Моя столица» гезитинин соңку санында президент А. Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаевдин республикадагы кирешелүү ишканаларды кантип колуна алганын, кантип саясатка киришкенин баяндаган макалалар басылган болчу. «Окурманына жетпей калган гезиттин электрондук версиясын окуганга элдин баарынын эле мүмкүнчүлүгү жок», дейт Елизавета Лиственная.

Кыргыз журналисттери Көл жээгинде маалымат жаатында кызматташуу маселесин талкуулап, жарлык кабыл алышканы шейшембидеги басылмалардын дээрлик баарында чагылдырылды. «Маалымат кызматынын көйгөйлөрү тууралуу жакшы сөздөр айтылды», деп белгилейт шейшемби күнкү «Слово Кыргызстана» гезитинде Вилор Акчурин. «Эми, айттык-бүттү деп унутуп кетпесек эле болду». Басылмада «Мээрим» кайрымдуулук фондунун жетекчиси М.Акаеванын маеги жарыяланган. Анын айтымында, Көл жээгинде физикага, математикага шыктуу балдардын академия-гимназиясын куруу иши башталат. Курулушка президенттин жубайы Москвадан чыгуучу китебинин сатуудан түшкөн акчасын которууга убада берген.

Өзбекстандык кыргыздар А.Акаевдин сүрөтүн үйлөрүнө илип алышканын «Кыргыз туусу» гезитинин жаңы санында Камал Тагай маалым кылды. Президент Акаев тууралуу «сын пикир билдирген, макала жазган адамдарга ичим ачып кетет, - дейт ал. - Аларды оор түйшүктөр күтөөрү сөзсүз». «Эркин тоо» гезитинин шейшембидеги санында тарыхчы Өскөн Осмоновдун «Манап бий деген ким болгон? Манапчылык деген эмне?» аттуу макаласы жарыяланды. Автордун жазганына караганда, кыргызда манапчылыктын эки түрү – чоң манап жана катардагы манап деген түшүнүктөр орун алган.

«Аалам» гезитинин шейшембидеги санында президенттикке талапкерлердин бири Амангелди Муралиев жөнүндө макала жарыяланды. Анын автору Нургазы Анаркуловдун жазганына ынансак, А.Муралиев - бар тарабы келишкен билимдүү, акылдуу инсан, бирок да «анын баарын ишке ашырууга келгенде чечкинсиздиги роль ойноп кетет». Лейлек районундагы балдардын эс алуучу «Алтынбешик» лагери ал жердеги чек арачыларга берилгенден кийин кантип таланып-тонолгону Элнура Кулуеванын «Чек ара кызматкерлери чектен чыкты» деген макаласында баяндалат. «Эс алуучулар үчүн курулган 400 орундуу жазгы клуб малкана болуп калды. Жыгач орундуктары болсо отун болуп жагылып кетсе, сахнага малдарды камашат», деп маалымдайт макала автору.

Кыргызстанга келип жергиликтүү аялга үйлөнгөн ирандык жаран 5 жашар кызын бооруна кыскан бойдон жогорку чыңалуудагы электр мамысына чыгып, эгер аялым өз өлкөмө чыгып кетишиме макул болуп тилкат бербесе, бийиктен боюмду таштайм» деп коркутканы шейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезитинде маалымдалды. Чаарбаш күйөө бала ушу тапта тергөөдө сурак берип отурат.
XS
SM
MD
LG