Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:31

КТРдеги ФИНАНСЫЛЫК ТАРТИП БУЗУУЛАРДЫ ТЕКШЕРҮҮНҮ УЛУТТУК КООПСУЗДУК КЫЗМАТЫ УЛАНТУУДА


Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясынын (КТР) ишмердүүлүгү 2002-жылдын 22-майында өткөн Коопсуздук Кеңешининин жыйынында сынга алынган болчу. Ошондон кийин мындан туура бир жыл мурда - өткөн жылдын 27-майында президент Аскар Акаев КТРди реформалоо боюнча коомдук байкоочу кеңеш түзүү жөнүндө жарлыкка кол койгон. Ал эми Эсеп палатасы КТРдин финансылык ишмердүүлүгүн текшерген соң, анын жыйынтыгын Улуттук коопсуздук кызматынын көзөмөлүнө өткөрүп берген эле. 27-майда «Аалам» эркин гезити КТРдеги финансылык тартип бузуулар боюнча макала жарыялады. КТРдин жетекчилиги болсо «макалада айтылган фактылар чындыкка дал келбейт» деп билдирүүдө.

27-майда «Аалам» гезитине «КТРдеги коррупциянын тамыры каякта?» деген макала жарыяланды. Макаланы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, тележурналист Бактыяр Үсөнкулов жазган. Автор макалада келтирген фактыларды «АТК-аудит» фирмасынын жана Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын КТРди текшерүүлөрүнүн жыйынтыгына таянып жазганын айтат.

- Кайсы жерде уюшуп жешсе, же уюшуп алып криминал нерселерди жасашса – бул коррупция болуп эсептелет деп ойлойм. Эми ушул нерселер жабык бойдон гана унутулуп калып баратканына журналист катары нааразылык билдирип ушул макаланы жаздым, - дейт ал.

Макалада ««АТК-аудит» фирмасынын текшерүүчүлөрү КТРдин реклама-коммерциялык агенттигинин 1999-жылдын 1-декабрынан 2001-жылдын 1-майына чейинки финансы-чарбалык ишмердигин текшерип, ири жеп-ичүүлөрдү аныктаган» деп айтылат. «КТРде 1 миллион 568 миң сом жең ичинен жоголуп, казынанын 248 миң сомун ашыкча ысырап кылышкан» деп жазылат макалада. ««АТК-аудит» фирмасынан тышкары КТРдин 2002-2003-жылдардагы финансы-чарба ишмердигин Эсеп палатасы да текшерип, финансылык жактан мыйзамга негизсиз жагдайлар көп болуп, мында да Молдосеит Мамбетакунов катуу сөгүшкө кабылганын билебиз», дейт Бактыяр Үсөнкулов «Аалам» гезитинде.

«Макалада келтирилген фактылар дегеле чындыкка коошпойт», - деди бизге берген маегинде Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясынын вице-президенти Молдосеит Мамбетакунов.

- Бул кишинин өзүн жакшы деле тааныбайм. Бир адам болсо керек, кайсы бир ушактарга таянып жазып жатса керек. Анын чын-бышыгын билиш үчүн бизди текшерген органдарга кайрылуу керек, - дейт Молдосеит Мамбетакунов.

Мындан туура 1 жыл мурда – 2002-жылдын 27-майында Президент Аскар Акаев КТРди реформалоо максатында Коомдук көзөмөл кеңешин түзүү жөнүндө жарлыкка кол койгон болчу. Президент мындай кадамга 2002-жылдын 22-майында өткөн Коопсуздук Кеңешинин жыйынындагы КТРдин берүүлөрү боюнча айтылган сын-пикирлерден кийин барганы айтпасак да түшүнүктүү. Анткени кандуу Аксы окуясынын себептерин изилдөө боюнча комиссия «КТРдин бир жактуу берүүлөрү өлкөдөгү ансыз да оорлоп турган коомдук-саясий абалды огобетер курчуткан» деген жыйынтык чыгарган болчу. Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясынын мурдагы президенти, азыркы вице-президенти Молдосеит Мамбетакуновдун айтымында, КТРди реформалоо максатында түзүлгөн Коомдук көзөмөл кеңеши пайдалуу сунуштарды киргизип жатат. «Айрыкча, программаларды оңдоо, коомдук телекөрсөтүү түзүү боюнча жакшы сунуштарын берип жатышат», - дейт ал.

КТРди реформалоо максатында түзүлгөн Коомдук көзөмөл кеңешинин мүчөсү, депутат, кесиби боюнча журналист Кабай Карабеков соңку жарым жылда КТРде айрым жылыштар байкалганын, бирок дале болсо жасай турган иштер көптүгүн айтты.

- Эгер Сиздер соңку жарым жылдагы КТРдин берүүлөрүн көрүп келген болсоңор, жылыштар болуп жатканын байкасаңыздар керек. Маалымат программалары да, башка берүүлөрү да оңоло баштады. Албетте, көп ишти КТРдин жетекчилиги, журналисттердин өздөрү жасоого тийиш. Себеби, Коомдук көзөмөл кеңеши ой-сунуштарды айтуу менен гана чектелет. Менимче, КТРде дале болсо совет заманынан келаткан эски стилдеги берүүлөр көп. Дүйнөлүк, Орусиянын, Казакстандын телекомпанияларында берүү көрөрманга жакпай калаар замат дароо экрандан алынат, - деди Кабай Карабеков.

КТРдин вице-президенти Молдосеит Мамбетакунов мыкты көрсөтүүлөрдү даярдоо үчүн алдыңкы үлгүдөгү техника жана чоң каражат керек дейт:

- Кендирди кескен жокчулук демекчи, жакшы программаларды даярдаш үчүн көп акча, анан заманбап техника зарыл, биз ушундан аксап жатабыз.

«Аалам» гезитине макала жазган Бактыяр Үсөнкулов «Молдосеит Мамбетакунов көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуунун ордуна казыныдан бөлүнгөн, рекламадан түшкөн акчаларды эки кабат үйүн бүтүрүүгө жумшоодо» деп жазат. Макалада айтылган фактылардын чын-төгүнүн тактоо максатында КТРдин финансы-чарбалык ишмердүүлүгүн текшерген Эсеп палатасынын күч органдары менен кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Муратбек Жоломановго кайрылдык. Бирок Муратбек Жоломанов мырза «Азаттыкка» комментарий берүүдөн баш тартты.

- Макаланын автору «КТРды Эсеп палатасы 2002-2003-жылы да текшерип, финансылык жактан тартип бузууларды тапкан, бирок биринчи вице-президент сөгүш алып эле ордунда калып калган» дептир. Бул жерде эч кандай цифра жок. Комментарий бералбайм! – деди М. Жоломанов.

Бизге белгилүү болгон маалыматтарга караганда, Муратбек Жоломановдун КТРдин иши боюнча текшерүүлөрүнүн жыйынтыгы Улуттук коопсуздук кызматынын жооптуу кызматкери Уланбек Отошевдин колуна өткөн. Молдосеит Мамбетакунов мырза болсо «мен тараптан эч кандай тартип бузуулар болгон эмес, ичип-жесем бул жерде отурмак эмесмин» дейт.

XS
SM
MD
LG