Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:16

ИЗРАИЛ ЖАНА ПАЛЕСТИНА ЖОГОРКУ ДЕҢГЭЭЛДЕГИ СҮЙЛӨШҮҮЛӨРГӨ ДАЯРДАНУУДА


АКШнын президенти, жөөт жана палестин өкмөт башчылары катышкан жыйын келерки аптада Иорданияда өтүшү мүмкүн. Бул үч тараптуу сүйлөшүүлөрдө Жакынкы Чыгыштагы жаңжаалды жөнгө салуу боюнча "Жол картасы" деп аталган тынчтык планын аткарууга байланышкан маселелерди талкуулоо белгиленген. Мунун алдында жөөт жана палестин өкмөт башчылары өз алдынча да сүйлөшүү өткөрөрү күтүлүүдө.

Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш жөөт жана палестин өкмөт башчылары менен саммит өткөрүү ниети бар экенин өткөн аптанын жума күнү, Израилдин премьер- министри Ариэль Шарон "Жол картасы" деп аталган тынчтык планын кабыл алууга макул болгондон кийин жарыялаган эле. Жекшемби күнү Израилдин өкмөтү аталган тынчтык планын айрым шарттар менен бекитти. Жөөт тарап планга кээ бир алымча-кошумчалар киргизилиши керек деп эсептейт. Маселен алар палестин качкындары Израилдин аймагында калган мурдагы үйлөрүнө кайтып келишине караманча каршы болууда. "Жол картасы" планында палестин качкындарынын Израилдин аймагына кайтуу укугу жөнүндө түздөн–түз айтылбаган, бирок документте качкындардын маселесин калыс чечүү зарылдыгы белгиленет. Ал эми палестин тарап болсо "Жол картасы" планы өзгөртүлбөш керек деген пикирде. Айтор, алдыда күтүлүп жаткан саммитте АКШ, БУУ, Орусия жана Европа Биримдиги жарнакташып даярдаган тынчтык планынын шарттарын аткаруу маселеси талкууланмакчы.
"Жол картасы" планында 2005-жылы Палестин мамлекетин түзүү каралган.

Израилдин тышкы иштер министри Сильван Шаломдун билдиргенине караганда, АКШ президенти жөөт жана палестин өкмөт башчылары менен келерки аптада Иорданияда жолугушу мүмкүн. Ак үй азырынча мындай маалыматты ырастай элек. Президент Жорж Буштун катышуусундагы саммитке чейин жөөт – палестин премьерлери жакынкы күндөрү өз алдынча эки тараптуу сүйлөшүү өткөрөрү күтүлүүдө. Бул өкмөт башчылардын экинчи кездешүүсү болот. Адегенде ушул шаршембиге белгиленген жолугушуу эки тараптын расмий өкүлдөрү ырастагандай, техникалык себептерден улам кийинки калтырылды.

Жөөт премьери Ариэль Шарон "Жол картасы" планын кабыл алганы үчүн мекенинде башка саясий күчтөр менен катар өз партиялаштары тарабынан да сынга алынууда. Кызуу талаш- тартыштардан кийин планды өкмөттүн он эки министри колдоп, жетөөсү каршы болгон, төртөөсү добуш берген эмес. Израилдин маалымат каражаттарынын кабарларына караганда, А.Шарон өкмөт мүчөлөрүнө планды четке кагуу АКШ менен мамиленин бузулушуна алып келерин эскерткен. Дүйшөмбү күнү ал өзүнүн "Ликуд" партиясынын депутаттары менен кездешкен учурунда мындай деди:

- Менимче Израил үчүн саясий жөнгө салууга жетишүү маанилүү.Мен ошондой эле оккупацияны улантуу жөнүндөгү ойлор менен идеялар - балким силер бул сөздү уккуңар келбейт - бирок оккупациянын болуп жатканы, 3,5 миллион палестинди оккупацияда кармоо Израил үчүн ,палестиндер үчүн,Израилдин экономикасы үчүн өтө эле зыян нерсе деп ойлом. Биз бул ишти 3,5 миллион палестиндин башкарылышы менен Израилдин коопсуздугуна шек келбей турган жагдайда токтотушубуз керек. Бул түбөлүккө улана албайт.

Айрым баяндамачылар жөөт өкмөт башчысы Израил аскерлеринин палестин аймактарында турушун алгачкы ирээт "оккупация" деп атаганына көңүл бурушууда. Ал эми аналитиктердин экинчи бирлеринин пикиринде, Ариэль Шарондун соңку кадамдары - кезектеги гана тактикалык жүрүш.

Палестин тарап болсо эгер Израил "Жол картасы" планынын шарттарын аткара баштаса, палестиналык согушчан топтор элдешүүгө барарына ишеним билдирүүдө. Автономиянын тышкы иштер министри Набил Шаас:

- Палестин топтору биз Махмуд Аббас менен Ариэль Шарондун жолугушуусун улай Израил "Жол картасын" аткарууга киришет,биринчи кезекте ал план талап кылгандай палестиндерге каршы агрессиялык аракеттерин токтотот деп маалымат бергенден кийин жана Израил өзү жасай турган билдирүүгө ылайык элдешүүгө толук макул болот деп күтүп жатабыз.

Иши кылып жаатташкан эки тараптын расмий жетекчилери тарабынан тынчтыкты көздөгөн кептер айтылууда. Эми алар чын эле ишке ашабы же жокпу мезгил гана көргөзө алат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG