Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:47

Нарын АЙЫП, Прага 27-май күнү АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелд Нью-Йорк шаарындагы Тышкы маселелер боюнча кеңештин алдында чыгып сүйлөп, Иракты калыбына келтирүү иштери боюнча өкмөттүн аракеттерин айтып берди. Ошол эле күнү Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан - Ирак боюнча өзүнүн өкүлүн расми түрдө дайындады.

Доналд Рамсфелддин айтымында, Ирактагы иштер жалпысынан ойдогудай жүрүүдө, бирок маселе өтө татаал, ошондуктан жакын арада өлкөдө бардык керектүү мамлекеттик түзүлүштөр калыптанып, демократия орноп калат деп күтпөш керек: "Демократияга өтүү убакытты талап кылат жана ал оңой иш эмес. Борбордук жана Чыгыш Европада дагы ал жараян узакка созулду, бирок эл анын үзүрүн көрө баштады. Бул жараянда катачылыктар жана ар башка сыноолор да орун алат жана дароо эле эң жогорку жетишкендиктер болбойт, жүргүзүлүп жаткан саясатка оңдоолор киргизилет, бирок бардык аракеттер өтө кылдат жасалат жана мен ишенем, биз көздөгөнүбүзгө жетебиз".

Бирок АКШ өкмөтүнүн Ирактагы аракеттерин сынга алгандар Американын өзүндө да арбын. Колумбия университетинин профессору Жеффри Сакс, мисал үчүн, жакында "Файненшл таймс" гезитинде макала жарыялап, АКШ өкмөтүнүн Ирактагы аракеттерин таза капитализм деп атады. Сакстын пикиринде, Вашингтон канчалык көпкө мунай маселесине такалса, ошончолук көпкө коомчулуктун сынына дуушар боло берет.

Чындап эле, АКШ жетекчилиги Иракты калыбына келтирүү иштерине - мурда согушка каршы чыккан өлкөлөрдү көп жолотпой аракеттенүүдө, аны менен катар, кайра куруу иштери боюнча негизги контракттарды азыр - Ирак согушун даярдоого жардам көрсөткөн компаниялар алууда. Мисал үчүн, Ирактын инфраструктурасын калыбына келтирүү иштери азыр негизинен америкалык "Бектел" аттуу компанияга жүктөлгөн, анын жетекчилилиги болсо президент Жорж Буштун администрациясында иштеп кеткен Республикалык партиянын мүчөлөрүнүн колунда. Согуш бүтө электе эле дагы бир компания - "Халлибөртон" - мүмкүн жардырыла турган мунай кендерин калыбына келтирүү иштери боюнча контракт алган, бирок азыр - аны менен кошо бул фирмага мунай өндүрүү иштери да жүктөлгөнү ачыкка чыгууда. Мурда болсо бул компанияны - азыркы вице-президент Дик Чейни жетектегени белгилүү.

Жакында Чейни атайын билдирүү жасап, Ирактын мунай өндүрүшү жакын арада калыбына келтирилет деп билдирди. Азыр өлкөдө күнүнө 200 миң баррел мунай өндүрүлүүдө, жылдын аягына чейин бул көрсөткүч - согушка чейинки эки жарым миллион баррелге жеткирилүүгө тийиш жана андан жыл сайын 20 миллиард долларга жакын киреше түшөт.

Эксперттердин пикиринде, Ирактагы кайра куруу иштерине алгачкы жылдарда жыл сайын кеминде 20 миллиард долларга жакын сарпталууга тийиш, бирок он жыл ичинде бардыгы болуп 600 миллард долларга чейин каражат керек болушу мүмкүн. Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши өткөн аптада кабыл алган резолюция боюнча, Иракка мурда салынган чектөөлөр алып салынды жана эми анын чет өлкөлөрдөгү банк эсептери кайра ачылат. Андан тышкары, "Мунай үчүн азык-түлүк" аттуу программанын алкагындагы бир миллиард долларга жакын каражат дагы пайдаланууга берилет.

Бул иштердин баары, бирок, Ирактын убактылуу америкалык башкаруучусу Пол Бремер тарабынан башкарылат, Бириккен Улуттар болсо азырынча кеңеш берүүчү гана уюм болот. 27-май күнү Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан өзүнүн Ирактагы атайын өкүлү кылып Адам укуктары боюнча жогорку комиссар Сержио Виейра ди Меллону дайындады. Ал Иракта төрт ай иштейт жана бул убакыттын ичинде Иракта Бириккен Улуттардын атайын миссиясы түзүлүүгө тийиш. Бразилиялык ди Мелло мурда - Чыгыш Тимор жана Косоводогу кайра куруу иштерин жетектеген.
XS
SM
MD
LG