Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:23

Казак бийлиги оппозициялык маанайдагы газетанын башкы редакторун кызматтан кетүүгө мажбурлады


Казакстандын аткаруу бийлиги оппозициялык маанайдагы “Солдат” гезитинин башкы редактору Ермурат Бапини кызматтан кетүүгө мажбурлады. Бул тууралуу Ермурат Бапи кечээ Алматы шаарында өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, учурда ага каршы “салыкты өз убагында төлөбөгөн” деген айып тагылып, кылмыш иши козголду. Айтмакчы, кыргыз бийлиги да өткөн аптадан бери оппозициялык маанайдагы “Моя столица” газетасынын басылышына уруксат бербей келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG