Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:49

ЭВЕРЕСТТИ БИРИНЧИ БАГЫНТКАН АДАМДАРДЫН БЕЙНЕСИ


Альпинизм – бүгүн дүйнөдөгү эң бир татаал бирок кирешелүү спорт түрү болуп саналат. Арийне, тоолуктар, анын ичинде кыргыздар бул мүмкүнчүлүктү колго ала албай келатышат. "Кар жолборсу" атыккан Тензиг Норгей убагында тоолуктар да өз энчисине тийген куруттан кур калууга тийиш эмес экендигин далилдеген. Тензиң Норгай дүйнөнүн эң бийик чокусун жаңы зелландиялык альпинист менен чогуу багындырган күнгө ушул бейшембиде жарым кылым толууда.

Тензиң Норгай Гималайда туулуп, дүйнөдөгү эң бийик тоо чокусунун этегинде топоз багып жүрүп бой жеткен. Ал өз өмүрүндө терең из калтырган окуяларды мындайча эскерген.

"Чет элдиктердин жүгүн ташып, алар турган мейманкананын эшигинде турган баладан, катар-катар медал тагынып, учак минип, өкмөткө канча салык төлөш керек деп кабатырланып, токпейил тарткан адам болгончокту узак жол бастым. Мен атамдын топоздорун айдап жүрүп, тоолордон, өзгөчө Сагармата чокусунан көзүмдү айрый алчу эмесмин. Мынчалык бийикте кудайлар гана жашаса керек деп ойлочумун".

Мына ошол непалдыктар Сагармата, тибеттер Жомолунгма деп атаган Эверест чокусун Тензиң 1953-жылы 29-майда жаңызелландиялык альпинист менен чогуу багындырган.

"Мен мындайды өмүрү көргөн эмесмин, кайра көрбөйт да болушум керек, жүрөктү элеп-желеп кылып, толкунданткан зор көрүнүш эле. Бирок эч корккон жокмун. Тоолор, Эверест менин жүрөк этим менен тең болчу. Өмүр бою күткөн ошол көз ирмемде менин тоом жансыз муз-таштай эмес, жылуу илеп келген тирүү жандай туюлду".

Буддага сыйынган Тензиң Эвересттин туу чокусунда чуңкур казып, Буддага деп бир кесим таттуу токочту, кертим шоколадды жана кызы берген көк түстөгү калемди көөмп кеткен.

Тензиң менен Хилларинин эрдиги тууралуу кабар бүткүл дүйнөгө чагылгандай тарады. Алар менен кошо, Тенсиңдин Шерпа деген Непалдын түндүк-чыгышында жашаган буддисттер уруусунун да атагы таш жарды. Бул элдин бийик тоо шартындагы чыдамкайлыгы төгөрөктүн төрт бурчуна белгилүү болгондон тартып, аларга батыштык альпинисттердин алмаштыргыс жандоочулары болуп, нан таап жегенгө даңгыр жол ачылды. Непалдыктар ошондой эле Эверестти эң көп багындырган эл катары тарыхка кирди.

Англиянын ханышасы Элизаветанын, Рим Папасынын жана көптөгөн өкмөт башчыларынын кабыл алуусунда болгон Тензиң Норгайдын зоболосу асмандады. Бирок ал убактысынын көбүн батыш альпинисттеринин саякатын уюштурууга жумшап, шерпаларды иш менен камсыздоонун алекетинде жүрдү. Тоого чыкканды да токтоткон жок – 1963-жылы советтик жети альпинист менен Кавказдагы Элбурс тоосуна чыкты. Тензиң алты бала көргөн жана алардын өзүндөй тоо менен жан сакташын каалаган эмес. "Кар жолборсу" 1986-жылы, 76 жашында карылыктан көз жумду.

Аны менен кошо Эверестти багындырган адамдын көзү дале тирүү. Жаңызелландиялык Эдмунд Хиллари өмүрүнүн көбүн Непалда жакырчылык менен күрөшкө жумшады. Анын уюму дүйнөдөгү эң жарды мамлекеттердин бири болгон бул өлкөдө 27 мектеп, эки оорукана, ондогон дарылануу жайларын курду. Хилларинин өмүрлүк жары Луиза 1975-жылы гуманитардык иштер менен Непалга баратканда, кызы Белинда менен кошо авиакырсыктан көз жумган.

83 жаштагы Хиллары ушул бейшембиде Непалдын баш калаасында өтө турган салтанаттын башкы коногу болот. Непалга туристтерди тартуу максатында уюштурулуп жаткан шаан-шөкөттүн алдында Хиллари кабарчылар менен баарлашты.

"Мен жаш балдарды да, улууларды да татыктуу жашоого үндөшүбүз керек деп ишенем. Бул үчүн бүгүн аларга тоого чыгып, же Жердин түштүк уюлуна баруунун кереги жок. Алар бизнесске же билим берүүдө татыктуу иштин өтөөсүнө чыга алышат", - деди Хиллари.
XS
SM
MD
LG