Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:26

Эмнести Интернешинел 2002-жылы Ооганстанда бейстабилдүүлүк өкүм сүргөнүн билдирет


Укук коргоо уюму бүгүн жарыяланган жылдык баяндамасында Ооганстанда адам укуктарынын абалы жакшырып баратканын, бирок каражаттын жоктугунан коопсуздук органдарынын, полициянын, соттун жана башка мекемелердин ролу жарандардын коопсуздугун толук өлчөмдө камсыз кыла албай жатканын билдирет. Өлкөдө одоно укук бузуулар уланууда жана укук бузгандар жазадан көп учурда кутулуп кетип жатышат. Президент Карзайдын администрациясы Кабулдан башка жерлерде таасирсиз бойдон кала берүүдө. Баяндамада Талибан режими учурунда дээрлик үй камагы абалында калган аялдар эми да коркутуп-үркүтүүлөргө, зордукчул аракеттерге дуушар болуп жатышканы айтылат.

XS
SM
MD
LG