Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:35

Иран АКШнын террорчулукка байланышкан айыптоолорун кайрадан четке какты


Ирандын тышкы иштер министри Камал Карази өлкө өзөктүк куралдарды чыгарууда жана “Ал-Каида” террорчуларына колдоо көрсөтүүдө деген АКШнын айыптоолору негизсиз экенин, мындай айыптоолор эл аралык келишимдерди буза турганын билдирди. Каразинин өкүлү Иранда “Ал-Каида” тобуна тийешеси бар делинген бир нече киши кармалганын бышыктады. Сауд Арабияда болгон терракттардан кийин АКШ менен Ирандын мамилелери кескин начарлап кетти. Американын чалгындоо кызматы 34 кишинин ажалына калган кол салууларды “Ал-Каиданын” Ирандагы согушкерлери жасаган деп айтышат.

XS
SM
MD
LG