Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:16

Түштүктө сел коркунучу сакталып турат


БИШКЕК. 28-майдан 31-майга чейин Кыргызстандын тоолуу аймактарында кайрадан нөшөрлөгөн жаан жаашы күтүлөт. Бул тууралуу маалымат бүгүн Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинен келип түштү. Министрликтин күзөт бөлүмүнүн маалыматына караганда, 25-26-майда өлкөнүн түштүк аймагында жааган нөшөрдөн Ноокат районунда сел жүрүп, бир киши каза тапты. Алай районундагы 17 үй-бүлөнү башка жактарга көчүрүү зарылдыгы келип чыкты. Карасуу районундагы Муян каналы көтөрүлүп, 20 турак үйдүн жертөлөсүн, 47 гектар пахта аянтын суу каптап кетти. Ош шаарында 18 турак үйдү, Гуманитардык педагогикалык институттун биринчи кабатын суу каптады. Мөндүр аралаш жааган кар Алабука-Чаткал автожолун жууп, айдоо жерлер жабыркады. Министрликтин маалыматына караганда, калкка жана экономикага олуттуу зыян алып келген дүйнөдөгү коркунучтуу 70 жаратылыш кырсыгынын 20сы Кыргызстанда болууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG