Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:38

«Казкоммерцбанк-Кыргызстан» өз ишин баштады


БИШКЕК. Казакстандын «Казкоммерцбанкы» бүгүн өз карамагында турган «Казкоммерцбанк-Кыргызстан» банкын ачып, өз ишин баштаганын жарыялады. Активи 2,5 млрд. долларга жеткен «Казкоммерцбанк» былтыр сентябрь айында «Кыргызавтобанктын» 74% ашуун акциясын сатып алган жана анын негизинде «Казкоммерцбанк-Кыргызстанды» түзгөн. Казакстандык банктын башкаруучу директору Бейбит Апсенбетовдун айтымында, банк кыргыз экономикасына 50 млн. долларга чейин инвестиция жумшоого ниеттенүүдө. Учурда банк тарабынан берилген насыянын көлөмү 1,5 млн. доллардан ашып баратат.
«Кыргызстанда «Кыргызтелеком», «Энергохолдинг», темир жолдор сыяктуу ири ишканалар бар. Аларды каржылоого жергиликтүү банктардын каражаты жетишпейт. Биз ал кенемтени толтурууга аракеттенебиз», - дейт Б. Апсенбетов. «Казкоммерцбанк-Кыргызстандын» башкармалыгын башчысы Канат Мамакеевдин маалыматы боюнча, банк берген насыянын үстөгү 18% ашпайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG