Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

Кыргызстанда Демократияны өнүктүрүү фонду түзүлдү


БИШКЕК. Кыргызстанда Демократияны өнүктүрүү фонду түзүлүп, кечээ Юстиция министрлигинин каттоосунан өттү. Бул тууралуу фонддун түзүүчүлөрү - «Атамекен» партиясынын башчысы, депутат Өмүрбек Текебаев, «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилова жана «Арнамыс» партиясынын штаб башчысы Эмил Алиев бүгүнкү маалымат жыйынында билдиришти. Алардын айтымында, фонд өлкөдө демократиялык түзүлүштүн чындап өнүгүшүн камсыздоо максатында жергиликтүү жана чет өлкөлүк идеяларды, тажрыйбаларды, финансы каражаттарын топтойт. Мындан тышкары, уюм жаңы лидерлердин курамын түзүп, Кыргызстандын ийгиликтүү өнүгүшү боюнча 2010-жылга чейинки теңтайлаш программаны иштеп чыгууга шарт түзөт. Өмүрбек Текебаевдин сөзүнө караганда, фонддун ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөчү кеңеш түзүлүп, анын алгачкы курамына сегиз киши кирет. Кеңештин курамына кирүүгө депутаттар Марат Султанов, Токтокан Боронбаева жана Зайнидин Курманов макулдук беришти.

XS
SM
MD
LG