Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:22

23-майда Бишкекте болгон жарылуу боюнча УКК маалымат таратты


БИШКЕК. 23-майдын кечинде Бишкек шаарында болгон жарылуу боюнча Улуттук коопсуздук кызматы бүгүн маалымат таратты. Ал маалыматка караганда, 23-майда кечки саат 11ден 37 мүнөт өткөндө Бишкектеги Логвиненко көчөсүндөгү № 37-А үйүндө жайгашкан кеңседе жарылуу болгон. Окуяны иликтөөнүн жүрүшүндө кытай оттуктарын газ менен кайра толтуруучу эки газ баллончосу жарылганы аныкталган. Кеңсенин кароолчусу өзүнө тиешелүү баллончолорду таштандылар ташталчу картон кутуга таштап, андан кийин алардын жарыла турганын унуткан бойдон өзү чеккен тамекинин калдыгын ошолордун үстүнө ыргыткан. Ушундан улам 10-15 мүнөттөн кийин күчтүү жарылуу болгон. Кеңсенин кароолчусу ал тууралуу дароо милиция кызматына кабарлаган. Окуянын кандай болгондугун так аныкташ үчүн экспертиза жүргүзүлмөкчү. Жарылуу болгон кеңсенин кимге таандык экенн Улуттук коопсуздук кызматы маалымдаган эмес. Ал эми айрым маалымат каражаттары ал президенттин уулу Айдар Акаевге таандык экенин жазып чыгышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG