Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:16

Жалалабад окуясынын негизги күнөөкөрү саналган адам кечээ Ташкөмүрдөн кармалды


БИШКЕК. 15-майда Жалалабаддагы милиция органдарына кол салган топтун башчысы деп шектелген Адыл Каримов кечээ кечке жуук Ташкөмүр шаарында кармалып, Жалалабад шаарына алынып барылды. Кол салууга катышкан сегиз кишинин жетөө буга чейин кармалган. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Жолдошбек Бузурманкулов кабарлады. Анын айтымында, А. Каримовдун жанынан 2 тапанча огу менен кошо алынган. 15-майдагы кол салууда Жалалабад шаардык жана облустук милиция органдарынан 37 курал зордук менен алынып, алардын ичинен 29 буга чейин кайтарылган эле. Калган 6 куралдын кайда экендиги белгисиз.

XS
SM
MD
LG