Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:13

Кыргыз-кытай чек арасы демаркацияланууда


БИШКЕК. Кыргыз-кытай чек арасынын 83% демаркацияланып бүттү жана калган 17% тилкени демаркациялоо иштери 2003-жылы аяктоого тийиш. Андан кийин 2004-жылдын башында Кыргызстан жана Кытай өкмөттөрү демаркациялоо иштеринин бүтүшү боюнча протоколго кол коюшмакчы. Бул маалымат бүгүн өкмөттүн басма сөз кызматынан алынды. Кыргыз-кытай чек арасы боюнча 1996- жана 1999-жылы негизги жана кошумча келишимдерге президент Аскар Акаев жана Кытайдын мурунку лидери Цзянь Цземин кол коюшкан.
Бүгүн эле Өкмөт Үйүндө премьер-министр Николай Танаевдин катышуусунда Кыргызстандын кошуна мамлекеттер менен чек арасын аныктоого байланыштуу жыйын болду. Негизги бөлүгү жабык өткөн жыйында кошуна мамлекеттер менен Кыргызстандын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштеринин жүрүшү талкууланды. Маалым болгондой, Кыргызстан Кытай жана Казакстан менен чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү аяктаган, азыр болсо Өзбекстан жана Тажикстан менен ушул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр 2000-жылы февраль айында башталган. Андан бери жалпы тогошкон узундугу 1357 чакырым келген кыргыз-өзбек чек ара тилкесинин 677 чакырымы делимитацияланган. Дагы 358 чакырымы делегациялар деңгээлинде сүрөттөлүп жазылган, эми ал тилке кошумча макулдашуулардан кийин делимитацияланмакчы. Ал эми Тажикстан менен мамлекеттик чек араны юридикалык жактан бекитүү боюнча укуктук жана мыйзамдык негиздерди аныктоо иштери жүрүп жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG