Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:31

УЛУТТУК КООПСУЗДУК КЫЗМАТЫ 23-МАЙДА БИШКЕКТЕ ЖАРДЫРУУ БОЛГОНУН МОЮНГА АЛДЫ


Чолпон Орозобекова, Бишкек 23-майда Бишкек шаарынын чок ортосунда граната жарылгандыгы туурасында маалымат тараган болчу. Ал туурасында айрым гезиттер чала-чарпыт жазып гана тим болушкан. Жогорку Кеңештин депутаттары да бул окуяга карата тынчсыздануусун билдирип, күч органдарына суроо узатып, бирок аны тастыктаган да, төгүндөгөн да маалымат ала алышкан эмес. Айрым депутаттар ««мамлекеттик жетекчи кызматтагы адамдын уулунун машинасына граната ыргытылган» деген маалымат түштү» деп чыгышкан. 28-май күнү Улуттук коопсуздук кызматы 23-майда чындап эле жарылуу болгонун жарыя кылды.

Алгач өткөн жуманын аягында «Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн биринде жардыруу болуптур» деген бүдөмүк маалымат тарады. Бул туурасында журналисттердин так маалымат алуу аракеттеринен майнап болгон жок. Аңгыча «Агым» гезити 27-майда жарык көргөн санында өткөн жумада «23-майдан 24үнө караган түнү президенттин уулу Айдарга каршы жардыруу болду» деген сөз таркаганын жазыптыр. «Агым» гезитинин кабарчылары кайрылганда, Улуттук коопсуздук кызматы ак деп да, көк деп да жооп айтпай койгон. «Бишкекте жардыруу болду» деген имиш кепти Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Жолдошбек Бузурманкулов да эл ичинен эшитиптир. Бирок ал «ички иштер кызматында республиканын булуң-бурчунда кандайдыр-бир жардыруу болгондугу туурасында маалымат жок» деп далилдеген.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынындагы өлкө ичиндеги коопсуздукка байланышкан «өкмөттүк саатта» айрым депутаттар Бишкектеги табышмактуу жардыруу тууралуу кеп козгошту. Депутат Өмүрбек Текебаев 26-майда отурумда катышып отурган ички иштер министрине жана Улуттук коопсуздук кызматынын башчысына:

- «Президенттин баласынын машинасына граната ыргытылды» деген сөздөр чыгып атат. Калппы же чынбы, билбейм, - деген эле.

Текебаев мырзанын айтканын улап, бул имиш кепти эшиткен айрым депутататтар да кошумчалашты. Депутат Дүйшөнкул Чотонов алгач 26-май күнү жардыруу кимдин баласына каршы жасалганын табышмактантып, «жакында эле түштүккө күйөө бала болуптур, Финансы министрлигинде иштейт экен» деп сүйлөгөн. Отурумдан кийин ал «Азаттыктын» кабарчысына буларды айтты:

- «Эл оозунда элек жок» дейт. «Президенттин уулу Айдарга каршы жардыруу болду» деген маалымат депутаттарга келип түштү. Мен «ушуну тактап жооп бергиле» деп, ушул жерде отурган министрлерге, вице-премьер-министрге жана башкы прокурорго кайрылдым. Азырынча жооп айтыша элек.

27-май күнү Дүйшөнкул Чотонов Мыйзам чыгаруу жыйынынын отурумунда катышып отурган күч органдарынын жетекчилерине: «Деги Бишкекте мындай жардыруу болгонбу же болгон эмеспи?» деп собол таштап, бул туурасында маалымат берүүнү суранды эле, анын өтүнүчү аткарылган жок.

Депутаттардын маңдай-тескей отуруп узаткан суроосуна жооп кайтарбай кетип бараткан Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Калык Иманкулов 27-майдагы отурумдан кийин «Азаттык» радиосунун кабарчысынын суроолоруна көңүлсүнбөй кыйылып туруп араң жооп берген эле.

- Гезиттен «ок атылды» деген маалыматты окугам. Имиш кептерге ишенбейм. Базарларда, мисалы, кандай гана имиш кептерди чыгарышпайт. Машинанын дөңгөлөгү жарылса деле «граната жарылды» деп коюшу ыктымал, - дейт Иманкулов мырза.

Мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруу бутагынын өкүлдөрүнүн суроосуна күч органдарынын так жооп айтпаганы, албетте, депутаттарды бир чети капа кылып, бир чети жардыруу чын эле болгонуна ого бетер ишеним арттырды. Депутат Тайырбек Сарпашевдин пикиринде, ар түркүн кылмыштык топтор укук коргоо органдарынын дараметин баамдап көрүп атышы ыктымал. Сарпашевдин айтымында, эгер чындап эле кайсы бир мамлекеттик жетекчинин үй-бүлө мүчөсүнө каршы жардыруу болсо, бул абдан олуттуу коркунуч жана кимдир-бирөөлөрдөн жөнөтүлгөн эскертүү. 27-майда Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев 23-майдын түнү чын эле жардыруу болгонун такташ үчүн кайрылуу жазып, тартип коргоо органдарына жөнөтмөкчү болгон.

28-майда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы 23-майда жарылуу болгонун мойнуна алды. УККнын басма сөз кызматы «23-майда, түнкү саат 11ден 37 мүнөт өткөндө Бишкектеги Логвиненко көчөсүндө 37-А үйүндө жайгашкан кеңседе жарылуу болуп, дароо жетип барган опертоп күйгөн газ баллондун калдыктарын, өрттөлгөн кагаз-кугаздарды табышкан» деп билдирүү таратты. Жардыруу болгон кеңсенин күзөтчүсү оттукка газ куючу өзүнүн эски баллонун бош экен деп таштанды салчу кутуга ыргытып, анын аркасынан капкагы бузулуп калган экинчи баллонду да ыргыткан. Күзөтчүнүн берген көрсөтмөсүнө караганда, жарылуу болоордо эшикке тамеки чеккени чыгып, таштандынын арасында газ баллондор бар экенин унутуп, чогу өчө элек тамекинин калдыгын таштаган. Кеңсеге кирип телевизор көрүп отурса, арадан болжол менен 10-15 мүнөт өткөндөн кийин катуу жарылуудан чочуп кетип, «кеңсеге кылмышкерлер катылып атышабы» деп ойлоп, милицияга телефон чалган. Депутат Өмүрбек Текебаев, жарылуу коопсуздук кызматтары элестеткенден да катуу болгондуктан, ага кичинекей газ баллон себепчи болгонуна ишенбейт.

- Жарылуу болгон үйдүн айланасында жашаган шаар тургундарынын айтымында, жарылуу абдан катуу болгон. Менимче, «оттукка газ куя турган баллон жарылды» дегени анча ишенимсиз. Адатта укук коргоо органдары мамлекеттик жетекчинин жана анын үй-бүлөсүнүн тегерегинде болуп жаткан окуяларга кылдат мамиле кылышат эмеспи. Ошондуктан, жарылуу болгонун айрым нерселер такталмайын беш күн бою ачык айта алышкан жок го, - дейт депутат Текебаев.

«Өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматы билдиргендей, байкабастыктан кокус болгон жардыруу болсо, эмне үчүн күч органдары беш күн бою катып жатты?» деген суроо туулат. Жадыруудан кийин күйгөн гезиттер жана картон кагаздардын калдыктары табылганы чын болсо, кантип күзөттөгү адам таштандынын арасында тез от алчу ушундай заттар бар экенин билип туруп, оту өчө элек чылымын ыргытып койсун? Мындай соболдорго атайын кызматтар жана ички иштер органдары жооп табышаар.

«Жарандык коом коорупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова жардыруу болгон убакта Логвиненко көчөсүндөгү 37-үйдө жашаган кызыныкында гезит окуп отурган. Жардыруунун катуу добушунан үрөйлөрү учуп терезени карашса, көчөлөр тыптынч экен. Исмаилова айымдын айтымында, таң агарганда ошол тегеректе жардыруудан жапа чеккен имарат, таштанды төкчү куту, же дагы башка нерселер көзгө урунган эмес.

- «Бийик дубал менен курчалган, короосунда дайым кымбат чет элдик машиналар токтоп турган, ары-бери өткөн кишилер короосунун ичине баш бага албаган «Мээрим» фондунун кеңсесинде бирдеме жарылды го» деп боолгологонбуз, - дейт Төлөкан Исмаилова.
XS
SM
MD
LG