Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:54

КЫРГЫЗСТАНДА МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ ИШИНЕ ЖАРАНДАРДЫ КӨБҮРӨӨК АРАЛАШТЫРЫШ КЕРЕК


Азиза Турдуева, Бишкек Шаршембиде АКШнын Улуттук демократиялык институту жана Жогорку Кеңештин алдындагы парламентаризм жана мыйзам чыгаруу борбору тарабынан уюштурулган «тегерек үстөл» жыйыны өттү.

Шаршембиде Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын алдындагы парламентаризм борбору тарабынан уюштурулган “тегерек үстөл” жыйынына эл аралык, Бишкектеги жана региондордогу бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. Анда жарандык коомдун мыйзам чыгаруу процесстерине катышуусуна байланыштуу маселелер талкууланды. Эл аралык эксперттердин, мыйзам чыгаруу бийлигинин айрым өкүлдөрүнүн, ошондой эле өлкөдөгү көпчүлүк бейөкмөт уюмдардын пикиринде, Кыргызстанда мыйзамдарды талкуулап, кабыл алууга жарандык коомдун катышуу деңгээли өтө төмөн. Ал эми бул процесстердин ачык-айкындыгы демократиялык коомдун негизги принциптеринин бири болуп саналат. Жыйында көпчүлүк бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү республикадагы мыйзамдарды кабыл алууга жарандык коомдун катышуу мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экендигин белгилешти. Ошондой эле эл-журт өлкөдө кандай мыйзамдар кабыл алынып жатканынан кабардар болбой жатканы да сөз болду. Буга байланыштуу Ысыккөл облусунун Тоң районунан келген «Кутбилим» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Атыркүл Жайлообаева мындай деди:

- Эл өлкөдө кандай мыйзамдар кабыл алынып, кайсылары талкууланып жаткандыгы тууралуу кабардар эмес. Калк мындан четте калып жатат. Менимче, республикада мыйзамдардын жакшы иштебей жаткандыгынын бир себеби да ушунда. Айылга маалымат аз жетет. Гезиттер келбейт. Элдин гезит сатып алууга да шарты жок.

Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын алдындагы парламентаризм борборунун улуттук эксперти, мурдагы юстиция министри Данияр Нарынбаевдин пикиринде, Кыргызстанда бул процесс жабык мүнөзгө ээ. Анын айтымында, өлкөдө мыйзам чыгаруу процесси ачык-айкын болушу үчүн мыйзам долбоорлорун эл арасында талкуулоонун тартиби тууралуу мыйзам кабыл алуу зарыл. Анда жарандык коомдун мыйзамдарды иштеп чыгууга катыша турган механизмдери көрсөтүлүшү керек. Мындай мыйзамды кабыл албай туруп, мыйзам чыгаруу ишине элди азыркыдан көбүрөөк тартыш мүмкүн эмес.

Жыйындын катышуучулары жарандарды жана коомдук уюмдарды мындай ишке тартуу өлкөдө кабыл алынган мыйзамдардын сапатын жогорулатаарын да белгилешти. Өлкөдө кабыл алынган көптөгөн мыйзамдар ишке ашырылбай келгендиги, ал эми мыйзамдардын иштешин камсыз кылыш үчүн дагы бир мыйзам керек экендиги айтылды. Тактап айтканда, ал мыйзамдардын ишке ашырылышын көзөмөлдөөнүн механизмдери тууралуу мыйзам болушу керек. Буга байланыштуу депутат Абсамат Масалиев, 2001-жылы анын демилгеси менен ошондой мыйзам долбоору иштелип чыгып, Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынганын, бирок президент аны колдоого албай койгондугун айтып өттү:

- Конституциянын 61-беренесинде «Кыргыз Республикасында кабыл алынган мыйзамдарды Жогорку Кеңештин комитеттери текшерип, көзөмөлдөйт» деп жазылып турат. Ошондуктан, биздин мыйзам долбоорубуз «Кыргыз Республикасында кабыл алынган мыйзамдар менен чечимдердин аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жөнүндө» деп аталат. Бул мыйзам долбоорунда биз мыйзамдардын иштешине көзөмөл жүргүзүүнүн механизмдерин жазганбыз. Аны биздин палата кабыл алып, президентке жиберген. Бирок, президент ага кескин каршылык көрсөттү. Себеби, биз муну текшере баштасак, мамлекеттин көптөгөн кемчиликтери, коррупциянын бети ачылып калат. Мына ушундан коркуп, президент биз сунуштаган мыйзам долбооруна кол койбой койду.

Жыйындын соңунда Кыргызстанда жарандарды мыйзам иштеп чыгууга катыштыруунун жолдору камтылган резолюция кабыл алынды.
XS
SM
MD
LG