Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:33

Ирактагы кайра куруу иштеринде ООН негизги ролду ойноого тийиш


Бул тууралуу Тегеранда Ислам конференциясы уюмунун тышкы иштер министрлеринин жыйынында айтылды. Перси булуңундагы өлкөлөрдүн министрлери атайын билдирүү кабыл алып, Кошмо Штаттарынан оккупациялык иштерди тез арада аяктоону талап кылышты. Ирак эли өлкөнүн табыйгый байлыктарына өздөрү контролдук кылууга тийиш, деп айтылат билдирүүдө. Ирандын тышкы иштер министри Камал Харрази Кошмо Штаттарын Ирактын келечегин аныктоодо анын коңшулары менен консультацияларды өткөрүүгө чакырды. Ошону менен бирге Иранды террористтерге баш калка берип жатат деген кептерди четке кагып, Харрази Батыш өлкөлөрүн исламды терроризмге теңештирип жатканы үчүн сынга алды.

XS
SM
MD
LG