Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:53

Эл аралык мунапыс уюму Ирактын кайгы-касирети али бүтө элек деп билдирди


Оккупациялык режимдин тушунда, уюмдун пикири боюнча, Иракта адам укугун басмырлоо улантылууда. Мунапыс уюму ырасмий Вашингтон эркиндикти коргоо деген шылтоого жамынып, америкалык демократиянын негизин түзгөн көп принциптерди бузду деп эсептейт. Уюмдун өкүлдөрү кезектеги жылдык отчет менен кечээ Вашингтондо улуттук басма сөз клубунда журналисттерди тааныштырышты. Докладда Вашингтон администрациясы бир катар аспекттер боюнча сынга алынган. Ак үйдүн өкүлү Ари Флейшер отчеттогу сын пикирлерди четке кагып,мунапыс уюму Иракта Саддам Хусейн бийликте турганда адам укуктары кандай абалда болгонун териштирип көрсө дурус болмок деп билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG