Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:35

Өкмөт жыйынында туризм маселеси талкууланды


БИШКЕК. Жайкы эс алуу учурунда туристтерди кабыл алган жеке менчик үй ээлери патент алып, салык төлөөгө милдеттүү. Бүгүнкү жыйында өкмөт мүчөлөрү ушундай бүтүмгө келишти. Жыйында Ысыккөл облусу үчүн туризм артыкчылыктуу тармак болгону менен, кирешенин көбү казынага түшпөй жатканы айтылды. Өкмөт аппаратынын социалдык жана маданий бөлүмүнүн эксперти Темирбек Осмоналиевдин «Азаттыкка» берген маалыматына караганда, Ысыккөл облусунда жыл сайын туристтерди кабыл алууга ыңгайлашкан, бирок эч кандай салык төкпөгөн менчик мейманканалардын саны 11 миңден 30 миңге чейин жетет. Учурда Финансы министрлиги аларды патент алып, салык төлөөгө милдеттендирчү документтин долбоорун даярдоодо.
Расмий маалыматтарга караганда, 2002-жылы Кыргызстанга 140 миңге жакын чет элдик туристтер келип, казынага 35 миллион доллар түшкөн. Бүгүн Чек ара кызматы «Казакстандан келчү туристтер Ысыккөлгө чет элдик паспорт менен гана киргизилет» деген маалыматты жокко чыгарды.

XS
SM
MD
LG