Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:54

«Эл аралык мунапыс» уюму билдирүү таратты


БИШКЕК. «Эл аралык мунапыс» уюму жыл сайын жарыялоочу отчетунда Борбордук Азия мамлекеттериндеги адам укуктарынын абалы оор бойдон калганын кечээ билдирди. Бул тууралуу маалыматты бүгүн «АКИ-пресс» агенттиги таратты. «Эл аралык мунапыс» уюму Борбордук Азиядагы беш мамлекет Кошмо Штаттардын Ооганстандагы аскердик аракеттерин колдоого алганы үчүн аларга акчалай жардам көбөйгөнүн, ошол эле учурда Вашингтон беш мамлекетти адам укуктарын сактоого чакырганын белгилейт. Билдирүүгө караганда, былтыр Өзбекстанда жана Түркмөнстанда адам укуктары одоно бузулган. Ал эми Казакстан менен Тажикстан өлүм жазасын колдонууну улантып, саясий жана диний оппозицияны куугунтуктоону күчөткөн. Рейтер агенттигинин маалыматы боюнча, «Эл аралык мунапыс» уюму Кыргызстанды бул жолу азыраак сындады. Бирок былтыркы март айындагы Аксы окуясында беш адамдын өмүрүн алган милициянын иши, оппозициянын айрым өкүлдөрүн жана укук коргоочуларды камакка алганы үчүн кыргыз бийлиги катуу сынга алынды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG