Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:29

ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин башчысы эркин гезиттин жабылышына тынчсызданууда


БИШКЕК. «Моя столица - новости» гезитинин чыкпай жатышы тынчсызданууну пайда кылууда. Анын чыкпаганына юридикалык жагдайлардын негиз бергени өкүнүчтүү. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Айдын Идил кечээ журналисттер менен пикир алышып жатып ушундай оюн ортого салды. Ал мындай көрүнүш массалык маалымат каражаттарынын эркиндигин сактоодо артка кетенчиктөөгө алып барбайт деген үмүттө. ЕККУнун көмөгү менен быйыл 17-18-сентябрда Бишкекте Борбор Азиялык Vчи медиа-форум болот. «Көп тилдүү жана көп маданияттуу коомдо массалык маалымат каражаттарынын ролу» аттуу эл аралык форумга ЕККУнун басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Фраймуд Дуве катышат.

XS
SM
MD
LG